Түркия Орусиянын сунушуна каршы чыкпайт бирок...

Чавушоглу Сочиде журналисттерге маалымат берди

847009
Түркия Орусиянын сунушуна каршы чыкпайт бирок...

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Сирия конгресстерине кандайдыр бир террордук топтун чакырылбашы керектигин айтты.

Орусиянын Сочи шаарында журналисттерге маалымат берген Чавушоглу, Сирияда саясий чечүүчү жолго байланыштуу өткөрүлө турган конгресс тууралуу Орусиянын Казакстандын борбор шаары Астанадагы сүйлөшүүлөрдө өз сунушун билдиргенин белгиледи.

Түркия, Иран жана Орусиянын ортосунда бул теманын каралгандыгын түшүндүргөн Чавушоглу: «Сирияга байланыштуу өткөрүлө турган конгресстерге принципте каршы чыкпайбыз бирок бул конгресстердин мазмуну маанилүү. Конгресске кандайдыр бир террордук топтун чакырылбашы керек»,-деп айтты.

ПКК/ПЙДнин террордук уюм экенин баса белгилеген Чавушоглу сөздөрүн мындай улады: «ПЙД, ЙПГ жана ПККнын ортосунда эч кандай айырма жок экенин Ракка операциясында көрдүк. ПККнын корбашчысы Өжалан плакаттары менен сүрөткө түшүштү. Сириядагы чыныгы оппозициянын ичинде террордук уюм орун албашы керек. ПКК/ПЙД күрттөрдүн бардыгын өкүлдүк кылат, бир гана идеологияга ээ болгон азчылык. Башка күрт топтор бар жана биз бул тизмени Орусия менен бөлүштүк. ЙПГ 500 миң сириялык күрттү үйлөрүнөн жана айылдарынан кетүүгө аргасыз кылды. Ушул себептен бул топтун террордук уюм экени анык. Бул уюмдарды кимдер колдонуп жатканы да белгилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар