Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор операциясы

Операцияларда 92 террорист өлтүрүлдү.

744584
Түрк куралдуу күчтөрүнүн террор операциясы

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 92 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген жумалык маалымат берүүсүндө ПКК террордук уюмуна каршы жүргүзүлгөн күрөш менен Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн террор менен күрөшүү иштерине байланыштуу маалымат берилди.

Ушуга караганда дайыма баш калкалоочу жер катары колдонулган аймактарды террористтерден тазалоо жана элеттеги даярдыктарын чектөө максатында башталган операциялар үзгүлтүксүз улантылууда.

Шырнак, Хаккари, Диярбакыр, Бингөл, Элазыг, Эрзурум, Ардахан, Хатай, Өсмание жана Газиантеп облустарында жүргүзүлгөн операцияларда 92 террорист өлтүрүлдү. Көп сандаган ок – дары колго түшүрүлүп, террористтер тарабынан колдонулган 55 баш калкалоочу жер, үңкүр , курал – жарак сактоочу желер жардырылды.

Акыркы бир жумадагы операцияларда  Шырнакта болгон тик учар кырсыгында шейит болгон он үч аскер менен жалпы жыйырма үч аскер шейит болуп, он бир аскер жараланды.

Сириянын түндүгүндө жүргүзүлгөн операциянын негизинде да Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан колдоого алынган Эркин Сирия армиясынын күрөшү менен Азез жана Жараблустун арасындагы 243 отурукташуу жери жана 2015 километрдик аянт колго алынды.



Тектеш кабарлар