Премьер - министр Молдовада түрк ишкерлер менен жолугушту

Премьер - министр эртең 4 -  Дүйнөлүк Гөкогуз конгрессине катышуу үчүн Гөкогуз автономиялуу аймагына барат.

726658
Премьер - министр Молдовада түрк ишкерлер менен жолугушту

Премьер - министр Бинали Йылдырым Молдовада биринчи болуп түрк ишкерлери менен иш алып баруу тамагында жолугушту. Басма сөзгө жабык түрдө өткөрүлгөн жана бир саатка созулган жыйынга вице - премьер Тугрул Түркеш, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, эмгек жана социалдык коопсуздук министри Мехмет Мүеззиноглу, экономика министри Нихат Зейбекчи да катышты. 

Бинали Йылдырымдын расмий жолугушуулары мамлекеттик конок үйүндөгү тосуп алуу аземи менен башталды. Йылдырым жана кесиптеши Павел Филип оболу жекеме - жеке жолугушкандан киийн делегациялар аралык жолугушууларга өтүлөт. Келишимдерге кол коюлгандан кийин биргелешкен пресс - жыйын өткөрүлөт. 

Бинали Йылдырым күндүн ичинде Молдованын президенти Игорь Додон жана парламенттин спикери Адриан Канду тарабынан өз өзүнчө кабыл алынат. Андан кийин Социалист партиясынын лидери Зинаида Гресиани менен да жолугушат. Премьер - министр эртең 4 -  Дүйнөлүк Гөкогуз конгрессине катышуу үчүн Гөкогуз автономиялуу аймагына барат. 

 

 



Тектеш кабарлар