S - 400 узун аралыкка атуучу абадан коргоо системасында акыркы баскычка келинди

Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин ортосунда 3 -  майда Сочиде жолугушат

719319
S - 400 узун аралыкка атуучу абадан коргоо системасында акыркы баскычка келинди

 Улуттук коргоо министри Фикри Ышык Орусия менен жүргүзүлгөн  S - 400 узун аралыкка атуучу абадан коргоо системасын сүйлөшүүдө акыркы баскычка келингендигин айтты.

Министр Ышык акыркы чечим үчүн президент Р. Т. Эрдоган менен Орусиянын президенти В. Путиндин ортосунда 3 -  майда Сочиде өтө турган жолугушууну белгиледи. Фикри Ышык менчик телекөрсөтүү каналында суроолорго жооп берди.  S-400 ракеталары тууралуу НАТО жоопкерчилигине да көңүлдөрдү бурган Ышык : «НАТОго интеграция кылбагандан кийин НАТОнун айта турган эч нерсеси болбойт. НАТОнун системасына да интеграция кылына турган курал алууну каалайбыз. Бирок НАТО мүчөсү өлкөлөр муну бербесе жана Түркиянын да буга  чукул түрдө муктаждыгы бар болсо Түркия эмне керек болсо аткарат»,- деди.

Сириянын Ракка шаарынын террордук уюм ДЕАШтан куткаруу операциясына да токтолгон Ышык : «АКШ жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДни колдонууга аракет кыла турган болсо бул операцияга Түркиянын колдоо бериши мүмкүн эмес»,- деди.

Ышык ПЙДнин  өкүмдүк кылуу аракеттеринин да аймакта узун мөөнөттүү ыраатсыздыктарга себеп болору боюнча эскертти. Улуттук коргоо министри Фетуллахчы террордук уюмдун түрк куралдуу күчтөрүнөн тазалоо иштери да улантылып жаткандыгын айтты. Ышык уюмдун түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинен тазалоо ишинин кылдаттык  менен жүргүзүлгөндүгүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар