Тышкы иштер министрлиги Нидерландияга каршы чыкты

Түркия жикчил террордук уюм ПККнын Нидерландияда митинг өткөрүшүнө уруксат берилишине катуу каршылык көрсөттү

696809
Тышкы иштер министрлиги Нидерландияга каршы чыкты

Түркия жикчил террордук уюм ПККнын Нидерландияда митинг өткөрүшүнө уруксат берилишине катуу каршылык көрсөттү. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Террордук уюмдун жактоочуларына митинг уруксатынын берилиши Нидерландиянын акыркы мезгилде өлкөбүзгө карата жүргүзгөн тараптуу мамилесин улантып жаткандыгын ортого салууда»,- деп айтылды.

Нидерландиянын түрк министрлерге карата тоскоолдуктарына да көңүл бурулган маалыматта : «Жерлеринде жашаган түрк коомунун түрк жетекчилер менен жолугушуусуна бөгөт болуу менен дипломатиялык жана консулдук карым – катнаштарын иретке салган келишимдерди бузган, ой жана чогулуу эркиндигине тоскоол болгон Нидерландиянын террордук уюмдун өлкөбүздө боло турган элдик добуш берүү тууралуу ураандар менен жүрүшүнө уруксат бериши кабыл алынгыс. Бул мамиле өлкөбүзгө карата кош стандарттын жаңы бир үлгүсү болуу менен бирге аталган өлкөнүн дүйнөлүк баалуулуктарды бурмалоосу жактан сабак болот»,- деп билдирилди.

Террордук уюм  ПКК жактоочулары Нидерландиянын Гаага шаарында «Нооруз майрамы» деген ат менен террор башчысынын сүрөттөрү жана уюмдун символдору менен жүрүшкө чыгышкан.



Тектеш кабарлар