Түркия Кыргызстанга көңүл айтты

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

651994
Түркия Кыргызстанга көңүл айтты

Түркия Кыргызстанда кырсыкка учураган түрк өнөктөшү MyCARGO аба жолдоруна таандык жүк ташуучу учакка байланыштуу жагдайга жакын байкоо салып жатат.

Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу байланышып сүйлөштү.

Чавушоглу кыргыз кесиптешине көңүл айтып, окуя туурасында маалымат алды.

Тышкы иштер министр Чавушоглу сүйлөшүүдө айрыкча бул боюнча ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар