Түркия аймагында болуп жаткандардан кийин дагы күчтөнүп чыгат

Борбор калаа Анкарадагы конференцияга көп сандаган чет өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлиери да катышууда.

648820
Түркия аймагында болуп жаткандардан кийин дагы күчтөнүп чыгат

Тышкы иштер министрлигинин «2023-жылга карай: Улуттук баалуулуктар жана глобалдык максаттар» темасы менен өткөргөн Элчилердин 9-конференциясы уланууда.

Борбор калаа Анкарадагы конференцияга көп сандаган чет өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлиери да катышууда.

Грузиянын тышкы иштер министри Микаил Жанелидзе салтка айланган конференциянын алгачкы чет өлкөлүк коногу болду.

Жанелидзе конференцияда Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине сереп салды.

Мамлекетин жана демократиясын чоң адамзат аянбастыгын көрсөтүп кадимкидей колдору менен коргогон түрк калкынын эрдигин баса белгилей кеткиси келгенин айткан Жанелидзе: «Ал мыкаачылык козголоңдон кийин Грузиянын премьер-министри Гиорги Квирикашвили, Түркиянын демократиясын колдогонун билдирди. Грузия, Түркияга жана түрк калкына күчтүү колдоосун билдирген алгачкы өлкөлөрдөн бири болду. Түркия бардык ушул болуп жаткандардан кийин дагы да күчтөнүп чыгат»,-деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Түркия-Грузия карым-катнаштарынын маселесиз өнүгүп баратканын баса белгиледи.

Түркиянын Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине маани бергенин жана Грузияга бул темада көрсөтүлгөн колдоонун да улана турганын белгилеген Чавушоглу: «Грузия менен эч кандай саясий маселебиз жок, бири-бирибизди колдоодобуз. Бардык аймактык кыйынчылыктарга карабастан эки тараптуу соода көлөмүбүздө өсүү бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар