Түркия менен Ирактын биргелешкен жарыясы

Түркия жана Ирак өкмөттөрү билгелешкен маалымат жарыялашты.

646529
Түркия менен Ирактын биргелешкен жарыясы

Түркия жана Ирак, аймактарында коопсуздук жана ырааттуулукту камсыздаш үчүн кызматташуу темасында макулдашты.

Рсмий сапар менен Ирактын борбор шаары Багдадга барган премьер-министр Бинали Йылдырым, Түркия-Ирак Жогорку деңгээлдеги 3-стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйналышына катышты.

Жыйналыштан кийинки биргелешкен жарыяда: «Эки тарап, территорияларында кандайдыр бир террор уюмун жашатпай тургандарын жана эки өлкөнүн улуттук коопсуздугун коркунучка салган кандайдыр бир кыймылдарды кылышына уруксат бербей тургандарын баса белгиледи. Эки тарап, эл аралык коалициянын ДЕАШка каршы жүргүзгөн күрөштө кызматташуу менен кыймыл кыла тургандарын белгиледи»,делди.

Бирглешкен жарыяда булар да орун алды: «Эки тарап, биргелешкен стратегиялык көз караштын негизинде кызыкчылыктарды жана сыноолорду белгилеп, аймакта коопсуздуктун жана ырааттуулуктун камсыздалышы үчүн чогуу иштөө, айрыкча секталык жана этникалык уюлдашуу менен катар аймактын коопсуздук жана ырааттуулугун коркунучка салган бардык факторлорду жоюш үчүн макулдашты».



Тектеш кабарлар