Түркия террордун түбүнө жетет, аларды чыккан жеринде жок кылат

Сүлейман Сойлу, Түркиянын террордун түбүнө жете турганын, аларды чыккан жеринде жок кыла турганын айтты.

643556
Түркия террордун түбүнө жетет, аларды чыккан жеринде жок кылат

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркиянын террордун түбүнө жете турганын, аларды чыккан жеринде жок кыла турганын айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынын жалпы кеңешинде «акыркы күндөрдөгү абалдар жана коопсуздукка байланыштуу» маалыматтандырган Сүлейман Сойлу, Түркиянын чек араларда коопсуздук дубалын курушун улантып жатканын, террор уюмдарын кадам-кадам байкап, чараларын көргөндөрүн белгиледи.

20-мартта жаңы полициялардын аянтта боло турганын, күзөтчүлөрдүн жаштарынын орточосун да 32ге түшүрүүнү максаттагандарын айткан Сойлу: «Акыркы эки айда террор уюумна 5 гана киши кошулду. ДЕАШка байланыштуу абдан маанилүү жана олуттуу иштерди ортого салдык»,-деди.

 Түркиянын террорду соңуна чыгара турганын, бирок эң маанилүүсү терроризмдин түбүнө жетүү болгонун баса белгилеген Сойлу: «Террор бир гана жерге маалымат берген жери жок. Бардык адамзат туруш көрсөтүшү керек. Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап, террорду чыккан жеринде жок кылабыз. Террор менен күрөшүүдө террорду толугу менен жок кылыш үчүн колубуздан келгенин кылуудабыз. Террор биздин биримдигибизге жана туугандыгыбызга багытталган»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар