Түрк аба жолдорунун Занзибар каттамы башталат

Занзибар каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү ишке ашат

629654
Түрк аба жолдорунун Занзибар каттамы башталат

Түрк аба жолдору Чыгыш Африка өлкөсү Танзаниянын Занзибар аралын да учуу желесине кошту. Ушундайча Занзибар Танзанияда Дарүсселам жана Килиманжародон кийин учуу желесине кошулган 3 – жер болду.

Каттамдын ачылуу аземи Занзибар эл аралык аэропортунда өткөрүлдү. Аземде сөз сүйлөгөн түрк аба жолдорунун маркетинг боюнча жооптуусу, баш директордун орун басары Ахмет Олмуштур  ар башка маданияттарды таанытуу, жаңы көз караштарды алып келүү максатында дүйнөнүн бардык булуң – бурчун көрүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнүн чоң бир мотивация экендигин айтты. Занзибар каттамдары дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү ишке ашат.



Тектеш кабарлар