Түркия БУУда эки мамлекеттүү чечүүчү жолго басым жасады

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Палестинанын БУУга толук мүчө болууну жана эл аралык коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү катары  каралууга ылайыктуу экендигин айтты.

2139408
Түркия БУУда  эки мамлекеттүү чечүүчү жолго басым жасады

Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү, элчи Ахмет Йылдыз Палестинанын БУУга толук мүчө болууну жана эл аралык коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү катары  каралууга ылайыктуу экендигин айтты.

Ахмет Йылмаз АКШнын Нью -  Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясында  өткөрүлгөн чукул атайын сессиясында сөз сүйлөдү.

БУУнун Башкы ассамблеясында 10 -  майда Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинде кайрадан каралышын талап кылган резолюциянын 143 «макул» добушу менен кабыл алынышынын эл аралык коомчулуктун орток аракетин ортого салганын айткан Йылдыз Түркиянын бул тарыхый чечимге макул болгонун айтты.

Элчи Йылдыз : «Резолюциянын кабыл алынышы бир гана Палестинанын мамлекет куруу жолунда маанилүү бир этап эле болбостон БУУнун Коопсуздук Кеңеши жана эл аралык коомчулуктун үнүнүн ортосундагы күч алган айырмачылыкты ортого салууда»,- деди.

Газа жана Батыш Шериада абалдын олуттуулугун сактагандыгын белгилеген Йылдыз : «Палестина калкы эл аралык мыйзамга сый көрсөтүлбөстөн, абийирсиздик менен  бутага алынууда»,- деди.

Йылдыз Израилдин Газадагы мыкаачылыгынын дароо токтотулушу керектигин,  кайталанбашы үчүн туруктуу, эки мамлекеттүү чечимдин маанилүү экенин айтты.

Түркиянын Палестинанын БУУга толук мүчөлүгүн колдогондугун белгилеген Йылдыз, бул кадамдын палестиналыктардын эгемендик жана көз карандысыздык максаттарына жетүүсүнө шарт түзүп, эки мамлекеттүү чечимди ылдамдата тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар