Куртулмуш Анкарада Руслан Стефанчук менен жолугушту

Куртулмуш Украинанын жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышы жана аннексияланган Украина жерлеринин баштапкы абалына кайтарылышынын туура жол экенин билдирди.

2139409
Куртулмуш Анкарада Руслан Стефанчук менен жолугушту

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун тез арада бүтүшү керектигин айтты.

Куртулмуш борбор шаар Анкарада Украина парламентинин спикери Руслан Стефанчук менен жолугушту.

Жолугушууда үчүнчү жылына кирген Орусия-Украина согушунун оор чыгымдары бар экенин билдирген Куртулмуш: «Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуу, Украинанын жеринин бүтүндүгүн камсыз кылуу менен бул согушту бүтүрүү жана туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн Түркия катары эң башынан бери чоң аракет кылуудабыз»,-деди.  

Куртулмуш Украинанын жеринин бүтүндүгүнүн камсыздалышы жана аннексияланган Украина жерлеринин баштапкы абалына кайтарылышынын туура жол экенин кабарлады.

Парламенттин төрагасы: «Крымдын аннексиясын гана эмес, Украинанын чыгышынын Орусия тарабынан мыйзамсыз аннексияланышын тааныбай турганыбызды ар бир платформада айтып келебиз», - деди.

Стефанчук болсо «Жетише турган тынчтык адилеттүү жана туруктуу болушу керек. Биз өзүбүздүн тынчтык формулабызды түздүк. Бул жагынан алганда Тынчтык саммити өткөрүлөт. Урматтуу президент Режеп Таййип Эрдоган Тынчтык саммитине чакыруубузду кабыл алып, жеке өзү өкүлдүк кыларына ишенем»,-деди.



Тектеш кабарлар