Түркиянын ШКУга мүчөлүгүн Кыргызстан да колдойт

ШКУнун куруучуларынан, армия генералы Леонид Ивашов, экономика, тарнспорт жана коопсуздук жагынан Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюумунда орун алышынын туура чечим боло турганын айтты.

615411
Түркиянын ШКУга мүчөлүгүн Кыргызстан да колдойт

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын «Түркия эмне үчүн Шанхай Кызматташтык Уюумуна мүчө болбосун?» деген маалымат беришинен кийин Орусия жана Кытайдан кийин уюмдун мүчөсү болгон Кыргызстандан да колдоо алды.

ШКУнун куруучуларынан, армия генералы Леонид Ивашов, экономика, тарнспорт жана коопсуздук жагынан Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюумунда орун алышынын туура чечим боло турганын айтты.

Уюмдун дөө-шаалары Түркиянын мүчөлүгү үчүн «Пайдалуу болот?» деген маалымат беришти. Орусияда парламенттин үстүңкү баскычы Федерациялык Кеңештин коргоо комитетинин мүчөсү Алексей Пушков, твиттер адресинен жазган маалыматында «Түркиянын ШКУга мүчөлүгү Эрдоган үчүн туура кадам болот. ШКУ, ЕБнен башкача, анын ордун ээлебейт. Бирок Европа Биримдигинен айырмаланып ШКУнун мүчөлөрү толугу менен эгемендүү» деп айтты. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гинг Шуанг да: «Түркия ансыз деле диалог өнөктөшүбүз, кызматташууну өнүктүргүбүз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар