Түркия террор уюмдары менен дүйнө жүзүнүн ортосунда тосмо милдетин аткарууда

Президент Эрдоган Стамбулда НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясында сөз сүйлөдү.

614989
Түркия террор уюмдары менен дүйнө жүзүнүн ортосунда тосмо милдетин аткарууда

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын террор уюмдары менен дүйнө жүзүнүн ортосунда тосмо милдетин кылганын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулда НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясындагы сөзүндө; «Түркия, террор уюму менен Европадан баштап дүйнөнүн калган бөлүгү менен арасында кудум эле тосмо сыяктуу. Эгерде биз бул күрөштө ийгиликсиз болсок, б.а. бул тосмо куласа, террористтер кадимки сел сыяктуу бүткүл дүйнөнү өрттөп жана кан көлдөтүшөт. Биз мындай деп жатабыз; «Келгиле бул тосмону начарлатуунун ордуна күчтөнтөлү»,-деди.

Бүгүнкү күндүн дүйнөсүндө эч кимдин бир өрт чыкканда «кантсе дагы түтүнү жана жалыны мага келбейт» деп айтуу ыңгайлуулугунун жок экенин, эртедир кечтир өрттүн аларга да жете турганын баса белгилеген президент Эрдоган, коркунучтардын глобалдашканы жана күч тең салмактуулуктары өзгөргөн ушундай мезгилде учурдагы мекемелердин да өздөрүн карап чыгуусунун зарылдыгын белгилеп кетти.

Президент ушул алкакта НАТОнун да жалгыз гана коргоо уюму болбогонун, демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү идеясына баш ийген мамлекеттерди да чогулткан коопсуздук платформасы болгонун белгиледи.

Түркияда 24-июлда ишке киргизилген өзгөчө кырдаал процессине да көңүл бурган Президент, Өзгөчө кырдаал менен Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июль төңкөрүш аракетинин издерин өчүрүү менен катар террор уюмдарын да таасирсиз кылуу үчүн колунан келген чараны көргөндөрүн айтты.

Ушул себеп менен 15-июль төңкөрүш аракетинен кийин Түркиядан колдоосун аябаган, колдошуу маалыматтарын берген дос өлкөлөргө дагы бир жолу ыраазачылыгын билдирген президент Эрдоган, 15-июль түнүнүн Түркиянын жана бүткүл дүйнөнүн террордун жаңы бир жүзүнө, террор менен күрөшүүнүн башкача бир ыкмасына күбө болгондорун белгилеп өттү.

Керек болсо ФЕТӨ керек болсо ДЕАШ жана жикчил террор уюму ПКК баштаган адамзаттын орток баалуулуктарына душмандык кылуу жагынан чогуу кыймыл кылган бардык террор уюмдарына каршы жүргүзүлгөн күрөштө Түркиянын дагы күчтүү колдоого муктаждыгы болгонун айткан президент Эрдоган, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүдө Түркия сыяктуу чоң бедел төлөгөн жана так натыйжаларды алган башка өлкөнүн болбогонун да баса белгиледи.

Түркиянын ушул себептен Эркин Сирия армиясы менен чогуу Сирияга кирип чек арасында болуп жаткан бул коркунучту жок кылганын белгилеген Президент, Иракта жана Сирияда Түркиянын террор уюму катары жарыялаган уюмдардын колунда дос өлкөлөрдүн чыгарган куралдары табылганын, бул куралдарды серия номерлерине чейин бардыгы катталганын белгилеп кетти.

Террор уюму ДЕАШка каршы согушкан ПЙДны, ЙПГны террор уюму катары кабыл албагандардын, ошол эле террор уюму ДЕАШка каршы согушкан Эль-Нусраны да террор уюму катары кабыл албоолору керектигин баса белгилеген президент Эрдоган: «Бир террорист, башка бир террористке каршы согушта жеңишке жетишүүдө деп буга жакшы дей аласызбы? Биз учурда Сирияда жана Иракта муну көрүп жатабыз»,-деди. Эл аралык коомчулуктун татаал мезгилден өткөнүн, бирок булардын ашылып өтө албаган маселелр болбогонун баса белгилеген президент Эрдоган: « Биз орток кызыкчылыктарыбыздын алкагында, кызматташтык жана колдошуунун алкагында кыймыл кылсак, канчалык баш аламандуу болсо дагы алдыбызга чыккан маселелерге каршы күчтүү каршылык көрсөтө алабыз. Муну аткаруу биз өкүлдүк кылган өлкөлөр менен бирдикте улуттурабыздын негизинен бирден элементин түзгөн эл аралык коомчулукка карата эң чоң милдетибиз болуп саналат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар