Кытай Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтыгын колдойт

Ин Шуан : «Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтыкты тереңдетүү каалоосуна абдан чоң маани беребиз»

615035
Кытай Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтыгын колдойт

Кытай Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтык билдирүүсүн колдогондугун билдирди.

Кытай тышкы иштер министрлигинин катчысы Ин Шуан президент Р. Т. Эрдогандын Шанхай кызматташтык уюмуна байланыштуу билдирүүлөрүнө карата : «Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюму менен кызматташтыкты тереңдетүү каалоосуна абдан чоң маани беребиз»,- деди.

Ин Шуан кезектеги пресс – жыйынында президент Р. Т. Эрдогандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна катышуусунун ойлонула алары боюнча билдирүүсүнүн суралуусу менен Түркиянын Евразияда маанилүү бир өлкө экендигин белгилеп, Шанхай Кызматташтык Уюмунун да маанилүү бир диалог ортогу экендигин баса белгиледи.

Президент Р. Т. Эрдоган Өзбекстан сапарынан кайтуусунда Түркиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна кошулушу менен дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн  жаралышынан сөз кылды.

Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын 1996 -  жылы түзгөн Шанхай бештиги 2001 -  жылы Өзбекстандын да кошулушу менен Шанхай Кызматташтык Уюмуна айландырылган.

Шанхай Кызматташтык Уюмунда Индия, Афганстан, Иран, Монголия, Пакистан байкоочу өлкө катары орун алып, Белорусь  Түркия жана Шри Ланка да диалог ортогу болду.



Тектеш кабарлар