Мурда дипломатиялык паспорту болгон 43 түрк Германиядан башпаанек сураган

Германиянын жашыруун документтери Штайнмайерди төгүнгө чыгарууда.

611304
Мурда дипломатиялык паспорту болгон 43 түрк Германиядан башпаанек сураган

Расмий сапар менен Анкарага келген Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер өлкөсүнүн Түркиядан качкан террористтерге кучак жайганы жөнүндөгү айтымдардын кабыл алынгыс болгонун айтты.

А бирок Германиянын жашыруун документтери Штайнмайерди төгүнгө чыгарууда.

Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн  (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Германиянын жалгыз гана Түндүк Рен-Вестфалия штатына, мурдагы түрк дипломатиялык паспортунун ээси болгон эң аз 43 кишинин башпаанек кайрылуусун кылганын айгинелеп турат.

Кабарда аты аталган кишилердин башпаанек кайрылууларынын кабыл алынып алынбай турганынын болсо белгисиз болуп турганы билдирилүүдө.

Гезит провинциялык жооптуулардын Түркиядан кайрылуулардын уландысы боло турганы жөнүндөгү божомолуна да орун берген.

Бирок Германиянын тышкы иштер министри, түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен  болгон бүгүнкү жолугушуусунда, булардын баарынан кабары жок сыяктуу, «Германиянын террористтердин арткы бакчасы абалына айланганы жөнүндөгү айтымдарды кабыл алышыбыз мүмкүн эмес»,-дейт.

RP гезитине маалымат берген өкмөт булактары болсо акырында туура нерсени сүйлөөдө. Немис жооптуу кызматтагылар мурдагы түрк дипломаттардын башпаанек кайрылуусу темасында чечим чыгаруунун оңой болбогонун белгилеп: «Бирок бул жерде калууларына уруксат берсек, Түркия менен ансыз деле чыңалган карым-катнаштарга оор зыян тийгизет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар