Орусия Түркияга стратегиялык өнөктөштүк сунушун кылган

Орус стратегисти жана саясат таануучусу Александр Дугин, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциялык жыйналышын байкады.

606505
Орусия Түркияга стратегиялык өнөктөштүк сунушун кылган

Орус стратегисти жана илимпозу Александр Дугин Орусиянын президенти Владимир Путиндин Түркияга стратегиялык өнөктөштүк сунушун кылганын жана достук колун сунганын айтты.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциялык жыйналышын байкаган орус стратегисти жана саясат таануучусу Александр Дугин, андан соң Түкия Улуу Улуттук Жыйынынын  Фетуллахчы террор уюму/ параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ ПДЙ)    15-июлдагы төңкөрүш аракетинде кыйраган жерлерин кыдырып чыкты жана ушул жерде журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин берген маалыматы болуп болбогону суралганда Дугин, Путиндин өзүнүн кыймылдары менен ансыз деле маалыматын бергенин белгилеп кетти.

Дугин: «Урматтуу Путиндин эң маанилүү билдирүүсү Түркияга стратегиялык өнүктөштүк сунушун кылуусу жана достук колун сунушу. Муну ансыз деле ар ким билет. Стратегиялык өнөктөштүктүн мааниси эмне? десенер. Муну адис адамдар жана интеллектуалдык катмардын изилдеши керек»,-деп айтты.

Дугин: «Түркия НАТОнун мүчөсү, стратегиялык өнөктөштүк Түркиянын позициясы менен карама-каршы келбейби?» деген суроого, «Ал сиздин чечимиңиз. Сиз көз карандысыз улуттук мамлекетсиз. ТУУЖнын бомбалаган адамдардын аркасында кимдер бар экенин билесиздер. Бул эч качан Орусия эмес»,деген жоопту берди.



Тектеш кабарлар