ПККнын Сириядагы уландысы болгон 15 бута атылды

Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылы 67-күнүндө.

599588
ПККнын Сириядагы уландысы болгон 15 бута атылды

Сириянын түндүгүнүн террор элементтеринен тазаланышы үчүн 24-августта Түркиянын жол башчылыгында башталган «Евфрат калканы» кыймылынын 67-күнүндөгү ок атышууларда 3 оппозициячыл шейит болду, 4 оппозициячыл жаракат алды.

Акыркы операцияларда террор уюму ДЕАШка таандык 50 жана жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы болгон 15 бутага ок атылды.

Башкы штабдын маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда белгиленген ДЕАШ жана ПЙД буталары атылган октордон улам  маневр кыла албай калды.

Кыймыл башталган күндөн бери 164 отурукташкан маала орун алган орто эсеп менен 1305 чарчы км аянт көзөмөлгө алынды.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндө уланган террор операцияларында 2 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар