Түркиянын Берлиндеги элчисинин басма сөз жыйналышы

Хүсейин Авни Карслыоглу, ФЕТӨнүн 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетине каршы түрк калкынын биримдик, ынтымагы менен демократиясын коргоп калганын айтты.

589005
Түркиянын Берлиндеги элчисинин басма сөз жыйналышы

Түркиянын Берлиндеги элчиси Хүсейин Авни Карслыоглу, Фетуллахчы террор уюму/параллел мамлекет түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы чыккынчылык төңкөрүш аракетине каршы түрк калкынын биримдик, ынтымагы менен демократиясын коргоп калганын айтты.

Германия федералдык парламентинин июнь айынын башында чыгарган 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу токтомунан кийин Анкарага чакыртылган элчи Хүсейин Авни Карслыоглу Берлинге кайткандан бир жума өткөн соң элчиликте түрк журналисттер менен жолукту.

15-июлдун түнүндө Анкарада ФЕТӨнүн мүчөсү болгон аскерлердин тик учарлардан аткан огу тийип, Башкы штаб имаратынын алдында жараланган Карслыоглу, Европанын басма сөзүнүн төңкөрүш аракети темасындагы мамилесин сындады.

Түркиянын күчтүү өлкө экенин айткан элчи Карслыоглу, төңкөрүш аракети болгон түндө элдин биримдиги жана ынтымагы менен демократиясын коргоп калганын айтты.

Карслыоглу түрк демократия тарыхы жагынан алганда ушундай окуялардын болушу абдан опурталдуу экенин, бирок окуянын кыска мөөнөттүн ичинде ашылып өтүлүп жана элдин демократиясын коргоп чыгышынын үлгү болуучу окуя экенин баса белгиледи.

Карслыоглу Федералдык парламенттин 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу токтомунун Түркия-Германия карым-катнаштарына дагы көп зыян тийгизбөөсүн каалаганын да баса белгиледи.

Элчи түрк калкында чоң бир из калтырган токтомдун эч бир укуктук негизи болбогонун белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар