Жераблуста түрк танкаларына ракета атылды

ПККнын уландысы ПЙД террористтери тарабынан түрк танкаларына кол салуу болуп бир аскер шейит болду, үчөө жарадар.

560602
Жераблуста түрк танкаларына ракета атылды

Сириянын Жераблус аймагында уланып жаткан «Эвфрат калканы» операциясына катышкан эки танкага жикчил террор уюму ПККнын уландысы ПЙД террористтери тарабынан кол салуу болуп бир аскер шейит болду.

Террористтердин Түрк куралдуу күчтөргө таандык танкаларга ракета атышынын себебинен 3 аскер да жаракат алды.

Шейит болгон аскер жана жарадар болгон аскерлер тик учар менен Түркияга алып келинди.

Бул окуядан кийин террористтер бутага алынып пушканын огу жаадырылды.

Бул учурда Эркин Сирия армиясынын Жераблустагы илгерилөөсү Түрк куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен уланууда.



Тектеш кабарлар