Европа Комиссиясы артка кадам таштады

Брюсселдин түрк жарандарын Шенген аймагында визадан бошотуу үчүн иш-чараларын улантып жатканы билдирилди

489621
Европа Комиссиясы артка кадам таштады

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын каршылык көрсөтүүсү, Европа Комиссиясын артка кадам таштатты.

Европа Комиссиясы акыркы билдирүүсүндө, Анкаранын терроризм аныктоосун кайра карап чыкпашы, (ЕБ менен түзүлгөн) баш калкалоочулар келишимин соңуна чыгарбай турганын билдирди.

Комиссиянын басма сөз катчысы Маргаритис Шинас, Брюсселдин түрк жарандарын Шенген аймагында визадан бошотуу үчүн иш-чараларын дале улантып жатканын айтты.

Европа Биримдигинен келген талаптарга президент Режеп Тайип Эрдоган өткөн жумадагы сереп салуусунда өтө катуу каршылык көрсөтүп: «Европа Биримдиги виза үчүн терроризмге каршы мыйзамды өзгөрткүлө"- деди. Кечиресиз, биз өз жолубузга кетебиз, силер да өз жолуңарга кеткиле»,-деген болчу.

Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр да визадан бошотуу үчүн терроризм аныктоосун өзгөртпөй тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар