Сириядан Килиске ракета огу атылды

Октор бош аянтка келип түштү

480686
Сириядан Килиске ракета огу атылды

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сириядан атылган эки ракета огу Килисте бош аянтка келип түштү. Октун бирөөсү Өнжүпынар мааласындагы эгин аянтына, бирөөсү оливка бакчасына түштү. Каза болгон же жаралангандар болгон жок. Жандармерия  аянтта коопсуздук чараларын көрдү.

Жарылуудан улам бир үйдө жараңка пайда болду. Кечээ да террордук уюм ДЕАШтын текшерүүсү астындагы Сириянын Жераблус шаарынан Газиантептин Каркамыш районунун чек арасына 5 миномет огу атылды. Октордун үчөөсү бош аянтка келип түшкөн.

 



Тектеш кабарлар