Давутоглу Сауд Арабияга барат
Иш сапарынын максаты эмне?
424454
Премьер-министр Ахмет Давутоглу 29-31-январь күндөрүнүн аралыгында Сауд Арабияда болот.
Давутоглу 3 күнгө созула турган Сауд Арабия сапарынын алкагында борбор шаар Рияд менен Жиддада жолугушууларды өткөрмөкчү.
Давутоглунун расмий жолугушууларында эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык маселелердин каралышы күтүлүп жатат.
Жиддада Ислам Кызматташтык Уюмунда жолугушууларды өткөрүшү пландалган Давутоглунун Меккеге да баруусу көздөлүүдө.