Шырнакта 3 аскер шейит болду

Президент Эрдоган каза болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтты

315549
Шырнакта 3 аскер шейит болду

Шырнакта террористтердин аскердик унаага жасаган кол салуусунда 2 аскер шейит болуп бир аскер жана бир айыл сакчысы жараланды. Борборго караштуу Аракөй айылында террордук уюм ПККнын жолго жайгаштырган жарылуучу заттар аскердик унаа өтүп бараткан учурда жардырылды. Окуядан кийин гранатометтор менен кол салган террористтер унаадагы 2 аскерди шейит кылып, бир аскер менен бир айыл сакчысын да жаралашты. Качкан террористтердин кармалуусу үчүн аймакта абадан жардам берилген операциялар баштатылды.
Силопиде да 172 - команданын бронетанка бригадасына таандык күзөт жерине террордук уюм ПКК тарабынан жасалган ракеталык кол салууда бир аскер шейит болуп, бир аскер жараланды. Президент Р. Т. Эрдоган Шырнакта аскердик унааны бутага алган террордук кол салууларда шейит болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетүүсүн каалады. Ошол эле учурда Хаккариде 3 аянт 15 күндүк мөөнөт менен коопсуздук аянты деп жарыяланды. Губернаторлуктан алынган маалыматка караганда бул аймактарга жарандардын кирүүсүнө жана чыгууларына тыюу салынды.
Карс губернаторлугу да аскердик операциялардан улам жарандардын чыгымга учурабашы үчүн кээ бир аймактардын 15 күндүк мөөнөт менен убактылуу аскердик коопсуздук аймагынын жарыяланганын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар