Президент жолугушууларын улантууда

Эрдоган Кытай ислам жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушту

307465
Президент жолугушууларын улантууда

Өкүлдөрдүн өзүнө Кытайда 35 миң мечит, 40 миң дин кызматкеринин бар экенин айтканын белгилеген Эрдоган мунун кубантуучу абал экенин айтты. Жолугушууга тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да катышты. Президент Эрдоган андан кийин Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен Түрк – Кытай иш форумуна катышты.
Форумда сөз сүйлөгөн президент Р. Т. Эрдоган эки өлкөнүн ортосундагы тышкы соода кемчилигине көңүлдөрдү буруп : «Кытайдын Түркияда сала турган инвестициялары бул кемчиликти жабууда абдан чоң роль ойнойт»,- деди. Эрдоган эки өлкөнүн ишкерлерине мүмкүнчүлүктөрүн бирдикте кыймылга өткөрүүгө чакырды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар