Хаккариде бир аскер шейит болду

Жараланган аскер бардык медициналык кийлигишүүгө карабастан куткарыла албады

305643
Хаккариде бир аскер шейит болду

Хаккаринин Шемдинли районунда бети маскалуу террористтердин куралдуу кол салуусуна учураган жөө аскер сержанты Зия Сарпкая шейит болду. Башынан оор жараланган Сарпкая жасалган бардык медициналык кийлигишүүлөргө карабастан куткарыла албады. Качкан терроисттин кармалуусу үчүн аймакка көп сандаган аскер жиберилди.
Түрк куралдуу күчтөрү жазуу түрүндөгү билдирүү менен кол салууну айыптады. Билдирүүдө : «Жан алгычтар тарабынан жасалган бул кол салууну айыптайбыз, шейтибиздин үй – бүлөсүнө жана Түрк куралдуу күчтөрүнө көңүл атабыз жана сабыр тилейбиз», - деп айтылды.

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар