Мавзолейде 17 жылдан кийин музыка үнү чыкты
Мавзолейдин командирлигинин координаторлугунда берилген концертте пианист Гүлсин Онай, Шопен, Моцарт жана Аднан Сайгундун чыгармалары аткарылды
19 - Май Ататүрктү эскерүү, жаштык жана спорт майрамынын негизинде 17 жылдан кийин биринчи жолу мавзолейде концерт берилди. Республиканын 75 - жылында берилген концерттен кийин кечээ биринчи жолу пианино жана түркүлөрдөн турган концерт берилди. Мавзолейдин командирлигинин координаторлугунда берилген концертте пианист Гүлсин Онай, Шопен, Моцарт жана Аднан Сайгундун чыгармалары аткарылды.
Тарык Талдын шефтигиндеги Түрк куралдуу күчтөрүнүн Армони музыкасы командирлигинин оркестрынын коштоосунда опера санатчылары Ферял Түркоглу жана Хакан Айсев Мустафа Кемал Ататүрктүн сүйгөн ырларын аткарды. Угармандар тилек баллондорун учуруп, ырларды коштошту. 10 миңдеген киши зыярат кылган мавзолей 19 - Май атайын программасында түнү саат 24кө чейин ачык болду.