Түркия - Европа Биримдиги өнөктөштүк комитети

Түркия - Европа Биримдиги комитети чогулууда

255069
Түркия -  Европа Биримдиги өнөктөштүк комитети

Түркия - Европа Биримдиги өнөктөштүк комитетинин 123 -  жыйыны эртең Брюсселде өткөрүлөт. Түркия менен ал мезгилдеги Европа Экономикалык Коомунун ортосунда 1964 -  жылы 1 -  апрелде ишке кирген Анкара Келишиминин негизинде курулган Түркия - Европа Биримдиги карым - катнаштарынын техникалык деңгээлде  иликтөөсүн жүргүзгөн комитет өнөктөштүк карым - катнашы жана сүйлөшүү процессиндеги акыркы абалдар жана маселелер каралат. 

Комитеттин күн тартибинде "Сүйлөшүү процесси" менен бире "Саясий жана экономикалык критериялар", "Жогорку деңгээлдеги экономикалык диалог", "Адилеттик жана ички иштер", "Экология жана климаттык алмашуу", "Энергетика диалогу", "Транспорт", "Бажы Биримдиги жана соода темалары", "Салык салуу" жана "Кошулгандан мурда финансылык жардам каражаты" деген темалар орун алат. 

Жыйынга түрк өкүлдөрү менен Еропа Биримдигине мүчө мамлекеттер менен Европа Биримдиги комиссиясынын жетекчилери катышат. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар