Түркия Болгарияда кабыл алынган токтомго каршылык көрсөттү

Бул токтомдун Түркия-Болгария карым-катнаштарына терс таасирин тийгизе турганы айтылды.

250689
Түркия Болгарияда кабыл алынган токтомго каршылык көрсөттү

Түркия, Болгариянын Парламентинде 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу кабыл алынган токтомго катуу каршылык көрсөттү.
Тышкы иштер министрлигинин жарыясында: «Болгарияда ашкере улутчул, чет өлкөлүк душманы, жикчил жана Европа-Атлантика баалуулуктарына каршы турган АТАКА партиясынын киришүүсү менен Болгария Парламентинде кабыл алынган 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу токтом, Түркияга карата достугу жок мамилени ортого салды, Түркия тарыхына багытталган бул жалааны четке кагат»-деп айтылды.
Анда коңшу өлкө Болгария Парламентинин ичиндеги ашкере улутчулдардын туткуну болгону белгиленип: «Бул токтомдун Түркия-Болгария карым-катнаштарына терс таасир тийгизе турганы ачык»-деп кошумчаланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар