Түркия «Көгүлтүр байрак» боюнча Грецияны ашып өттү

Түркиянын бул жылы 41 байрак менен алдыга чыкты

246230
Түркия «Көгүлтүр байрак» боюнча Грецияны ашып өттү

Маданият жана туризм министри Өмер Челик көгүлтүр байрактуу пляж санында өткөн жылы Грециядан 10 байрак артта болгон Түркиянын бул жылы 41 байрак менен алдыга чыгып дүйнөдө экинчи орунга жогорулаганын билдирди. Министр Челик жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Дүйнөлүк туризмде алдыңкы планга чыккан бир топ өлкөнү артта калтырган Түркия эсептеп көрсөтүлө турган өлкөлөрдүн арасына кирди. 2015 - жылы «Көгүлтүр байрак» тизмесинде Испаниядан кийин коңшубуз Грецияны да өтүп экинчи орунга чыктык. 1994 - жылы 6 көгүлтүр байрактуу пляжы болгон Түркия өткөн 20 жылда бул санды арттырып 436га жогорулатты»,- деди. Челик бул абалдын Түркияны «марка өлкө» кылуу кадамдарынын негизинде каралуусу керектигин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар