Жаңы Түркия жолунда

Ахмет Давутоглу жыл жыйынтыгы тууралуу «Жаңы Түркия жолунда» кайрылуусун жасады.

166724
Жаңы Түркия жолунда

Премьер-министр Ахмет Давутоглу жыл жыйынтыгы тууралуу «Жаңы Түркия жолунда» кайрылуусун жасады.
Давутоглунун сөзүндө «улуттук эрк» жана «параллель түзүлүш менен күрөшүү» баса белгилөөсү алдыңкы планда эле.
2013-жылы декабрь айында түрк демократиясынын келечегине байланыштуу караңгы картиналарды чийгендер болгонун белгилеген Давутоглу, улуттан албаган жасалма мыйзам менен эгемендик курууга аракет кылгандарга бул өлкөдө орун жок экенин билдирди.
Чечим табуу процессине байланыштуу чечкиндүү экендиктерин кайталаган өкмөт башчы: «Мамлекеттик тартипке каршы кандайдыр бир кыймыл көрүнсө, буга керектүү чаралар көрүлөт»-деп айтты.
Алеви иш-чараларына да токтолгон Давутоглу, ар түрдүү бөлүүчүлүккө каршы экендиктерин ачык айтты.
Экономикага баа берген өкмөт башчы 12 жылда чоң ийгиликтерге жетишилгенин эске салып, мунун туруктуу улана турганын баса белгиледи.
Даутоглу 2015-жылдын 2023-жылга пайдубал түптөй турганын айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар