Премьер – министр Давутоглу Грецияда

Премьер – министр биринчи болуп Грециянын президенти Каролос Папуляс тарабынан кабыл алынды

138810
Премьер – министр Давутоглу Грецияда

Премьер – министр Ахмет Давутоглу 9 министр жана калың ишкер тобу менен Грециянын борбор шаары Афинага барды. Анкара – Афина арасындагы негизги маселе Американын вице – президенти Жо Байдендин сапары учурунда да күн тартибине келген Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги абалдар. Премьер – министр биринчи болуп Грециянын президенти Каролос Папуляс тарабынан кабыл алынды.
Грек президент жолугушууда эки өлкөнүн бири бирине карата сапарларынын жана жакшы коңшулук карым – катнаштарын дагы да алдыга жылдырарын баса белгилеп : «Урматтуу премьер – министр эки коңшу өлкөбүз жана коңшу катары калабыз»,- деди. Премьер – министр Давутоглу да : «Тарыхта абдан аз калк ушунчалык орток өзгөчөлүккө ээ»,- деген сөздөрү менен эки коомдун ортосундагы ортоктуктарга көңүлдөрдү бурду. Давутоглу бул жолугушуудан кийин премьер – министр Антонис Самарас менен жолугушту. Алдыга чыккан темалар; Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы абал, аралдагы эки коомдун арасындагы сүйлөшүү процесси жана Батыш Фракия түрктөрүнүн абалы болду.
Премьер – министр Давутоглу : «Эки тарап да Кипрде сүйлөшүүлөрдүн чечүүчү жол менен башталуусу багытында күчтүү эркке ээ»,- деди. Давутоглунан Грециянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде кипрдик румдар, Египет жана Израиль менен болгон жакын карым – катнаштар да суралды. Давутоглу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде бардык Кипр калкы пайдалана турган газ запастарынын да бир тынчтык көпүрөсүн түзөрүн айтты. Түркия – Греция Жогорку Деңгээлдеги Кызматташтык жыйынында да сөз сүйлөгөн премьр – министр Ахмет Давутоглу Кипрде тынчтыкка чакыруусун бул жерде да кайталады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар