Ак калпакчандар Анталияны көрккө бөлөдү

5-март Ак калпак жана Ак элечек күнүндө Анталияда 50 кишиден турган майрамдык жүрүш болуп өттү.

1158428
Ак калпакчандар Анталияны көрккө бөлөдү
AK_KALPAK_GUNU15.jpg
AK_KALPAK_GUNU18.jpg
AK_KALPAK_GUNU4.jpg
AK_KALPAK_GUNU1.jpg

Кечээ, 5-март күнү Түркиянын Анталия шаарында "Кыргыз эли" коомунун демилгеси менен "Ак калпак жана Ак элечек" майрамы аталышындагы майрам уюштурулду. 
Кооздугу көздүн жоосун алган калпакчан жигиттердин маанайы жана элечекчен энелердин жүзүндөгү жылуулугу чоң шаттык майрамды ого бетер нурдантты. 
Эртең менен саат 11:00дө башталган жүрүш сейил бактан уланып ал жактан энелер Кыргыз каада-салттарынан үзүндү көрсөтүштү. Энелер жигиттерге ак калпактарын кийгизип, кыз-келиндер болсо гүлдөрүн арнады. Мындан соң 50 кишиден турган тайпа Анталия шаарынын көчөлөрүнөн басып жалпы шаар тургундарына майрамдык маанай тартуулады. Улуттук кийимдерибизге суктанган боордош Түрк эли жылуу кабыл алып жатышты. 
Улуттук кийимдерди "Кыргыз эли" коомунун маданият бөлүмүндөгү стилист, дизайнер Жумагүл Мураталиева иштеп тигип даярдап берди. 
Маалыматтарга таянсак бул майрамдык жүрүш 7 саатка созулуп 18:00дө аягына чыккандыгын жүрүштүн катышуучулары кабарлады.

«Кыргыз эли» коому, Анталия


Этикеткалар: #Ак калпак

Тектеш кабарлар