Нуман Куртулмуш Казакстандын президенти Токаев тарабынан кабыл алынды

Жолугушууда Казакстан менен Түркиянын кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгү менен эки тараптуу мамилелер талкууланды.

2141898
Нуман Куртулмуш Казакстандын президенти Токаев тарабынан кабыл алынды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев тарабынан кабыл алынды.

Куртулмуш Акорда сарайында Токаев менен өткөргөн жолугушуусунда, эки өлкөнүн кызматташтыгын эл аралык мекемелердин алкагында бекемдөө жана Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө боордош өлкөлөрдүн өз ара тилектештигин арттыруу боюнча пикир алмашты.

Жолугушууда Казакстан менен Түркиянын кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүгү менен эки тараптуу мамилелер талкууланды.

Парламенттин төрагасы Нуман Куртулмуш бүгүн Казакстандын борбор шаары Астанада казак парламентинин спикери Ерлан Кошанов менен да жолугушкан.

Жолугушууда экономика, соода, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташуу темалары талкууланган.



Тектеш кабарлар