Нуман Куртулмуш расмий сапар менен Өзбекстанга барды

Нуман Куртулмушту Ташкент эл аралык аэропортунда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжан Исмаилов, Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар жана башка тиешелүү жетекчилер тосуп алышты.

2142556
Нуман Куртулмуш расмий сапар менен Өзбекстанга барды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш расмий сапар менен Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке барды.

Нуман Куртулмушту Ташкент эл аралык аэропортунда Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжан Исмаилов, Түркиянын Ташкенттеги элчиси Олган Бекар жана башка тиешелүү жетекчилер тосуп алышты.

Куртулмуш сапарынын алкагында Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжан Исмаилов жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушат.

Куртулмуш Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан да кабыл алынат.  



Тектеш кабарлар