Ататүрктүн мавзолейинен алган таасирлерим

КТРКнын кызматкерлери Анкара шаарында жайгашкан "Ататүрк" мавзолейинде.

541953
Ататүрктүн мавзолейинен алган таасирлерим

ТРТнын «Түркия үнү» радиосунун кызматкери Алмазбек Асанбаев Анкара шаарында жайгашкан Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине алып барды.

Мавзолейдин территориясына баш бакканда, эң эле биринчи таасир калтырганы бул тегерегиндеги бакчалар болду. 100гө жакын ар кандай бактардын түрү Түркиядан эле эмес, Греция, Югославия, Португалия, Афганистан, Канада, Япония, Италия, Германия, Швеция, Австрия, Испания, Бельгия, Франция, Дания, Финляндия, Улуу Британия, Кытай, Египет, Индия жана башка өлкөлөрдөн алып келинип тигилгенин көрдүк.

Мавзолейдин ээлеген аянты аябай кенен жана таза экен. Анын көз жоосун алган кооздугунан биз өзгөчө таасир алдык. Ичине киргенде Алмазбек агай бул имараттын тарыхы тууралуу кеңири маалымат берди. Бул жерди курууга чейин эң мыкты долбоорду тандап алуу үчүн сынак жарыяланган. Ага 27 чет өлкөлүк жана 20 түркиялык архитектор катышкан.  Жыйынтыгында эки түрк архитектору – Эмин Халит Онат жана Ахмет Орхан Арда «Ататүрк» мавзолейин куруу укугуна ээ болгон.  Ошол учурда мамлекет менен катар эл, өлкөнүн ар кайсы бурчунан мрамордун түрлөрүн жөнөтүшүп, курулушка чоң жардам беришкен. Мындай демилге түрк элинин патриот экендигинен кабар берет жана мындай көрүнүшкө суктанбай кое албайсың.

Мавзолей 3 бөлүктөн турат. Биринчи арстандар аллеясы, экинчи салтанаттар өткөрүлүүчү аянт жана мавзолейдин өзү.

Арстандар аллеясында 24 арстандын айкели бар.

Имараттын ичинде Мустафа Кемал Ататүрк башынан кечирген 3 согушту чагылдырып жасалган бөлүм бар экен. Анда, ошол убактагы замбиректер, согуштук куралдар, аскерлер колдонгон буюмдар коюлуп, согуш учурун элестетти. Бул жерде кадимкидей согуштагы атышуу, жардыруулар, аскерлердин үндөрү угулуп турганы бизге баарынан да өзгөчө таасир калтырды.

Бизди эң толкундаткан дагы бир учур бул согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн кыргыз жоокери Сейит болду. Ал майдан учурунда жанындагылардын баары жарадар болуп калганда, болжол менен 270 килограмм салмактагы замбиректин огун жалгыз өзү ташып, октогонун билдик. Алмазбек агайдын айтымында, бул жоокердин кыргыз экени тарыхта тастыкталган. Бул биз үчүн өтө сыймыктуу болду.

Дагы бир залында, Ататүрк согуштарда жеңишке жеткенден кийин бардык тармактарда жүргүзгөн реформалары тууралуу маалыматтар камтылган. Тагыраак айтканда, билим берүү, спорт, маданият, медицина, архитектура, жада калса жарандардын кийимине да реформа жасаган. Тиешелүү документтер жана иш кагаздары музейде сакталуу.

Башка залында Мустафа Кемалдын колдонгон буюмдары, кийимдери, тамактанган баалуу идиштери, башка өлкөлөрдүн башчы-падышаларынан белекке берилген кымбат баалуу зер таштар менен кооздолгон кылыч, канжар, идиш-аяктары коюлган. Мындан тышкары, ар кандай орден, медалдарын да көрдүк. Дагы бир таасир калтырганы- анын яхтасы жана унаалары болду.

Ататүрктүн сөөгү негизги имараттан 7 метр төмөн, мавзолейдин астыңкы бөлүгүнө коюлган.

Бул жерге жергиликтүү калк менен катар чет өлкөдөн келген туристтердин саны жыл санап өсүүдө. Ататүрк мавзолейи – Анкара шаарынын эң негизги зыярат кылуучу жери экенине күбө болдук. Мавзолейге келген ар бир зыяратчыга өзүнүн аты жазылган сертификаттын берилиши жагымдуу болду. Түркиянын ыйык жерлеринин бирине болгон сапарыбыз – биздин эсибизде түбөлүккө эң жакшы көз ирмемдер менен сакталат. ТРТнын «Түркия үнү» радиосунун кызматкери Алмазбек Асанбаевге терең ыраазычылык билдиребиз.  

"Түркия үнү" радиосу үчүн,

Жыргал  Аманова

Гульназа  Райымкулова                                 25 /07 /2016

 

 

 

 



Тектеш кабарлар