​​​​​​​Cөөктүн ден-соолугу жана остеопороз

Шыпаа булагы-46

1862560
​​​​​​​Cөөктүн ден-соолугу жана остеопороз

Cөөктүн ден-соолугу жана остеопороз үчүн табигый сунуштар

Бүгүн биз сөөктүн ден-соолугу жана остеопороз үчүн табигый сунуштарды айтып беребиз.

• Сарымсак: Сарымсактын күнүмдүк дозасын жеп туруу остеопороз жана артроз коркунучун азайтууга жардам берет.

• Алма: Күнүнө бир алма жеп туруу остеопорозду көзөмөлдөй алат. Антиоксиданттардын уникалдуу айкалышы алманы сөөк ден-соолугунун күчтүү булагы кылат.

• Розмарин: Салаттарыңызга розмариндин бир нече бутактарын кошуп, аны тамакка татымал катары колдонууну же розмарин чайын ичүүнү адатка айлантсаңыз сөөктөрүңүз үчүн абдан пайдалуу.

• Кокос майы: Кокос майы да остеопорозго пайдалуу азыктардын катарына кирет. Күнүнө 1 аш кашык таза кокос майын колдонуу остеопороздун алдын алат.

• Ананас: Ананас марганецке бай, ал остеопороздун алдын алууда жана дарылоодо пайдалуу.

• Петрушка: Петрушка сөөктүн ден-соолугу үчүн керектүү азык болгон К витаминине бай. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, К витамини cөөктүн сынуу коркунучун азайтат.

• Шалфей: Шалфейдеги К витамини сөөктүн ден соолугунда чоң роль ойнойт. Бул витаминдин жетишсиздиги сөөктүн ичкеришине жана сынуусуна алып келет.

• Тимьян: Тимьян майынын сөөк жоготууга каршы потенциалдуу коргоочу таасири бар экени белгилүү.

Тимьян майы остеопорозго каршы розмарин майына караганда көбүрөөк коргоочу таасирге ээ.

Ашкөк: Ашкөк- муун жана сөөк ооруларына жакшы. Ашкөктүн уруктарын сөөк оорусунан арылтуу үчүн массаж үчүн колдонсо болот. Ашкөк ошондой эле сезгенүүнү жана ооруну басаңдатуучу касиетке ээ. Ашкөк сөөктөрдүн өсүшүнө жана азыктануусуна да жардам берет.

• Руккола: Руккола сөөктүн ден соолугу үчүн керектүү көптөгөн азыктарга, анын ичинде кальций жана К витаминине бай.

• Пияз: Пияздын курамындагы күкүрт кошулмалары сөөктөгү коллагенди бекемдөөгө аракет кылат. Пиязды көп жеген аялдардын сөөк тыгыздыгы жакшырып, жамбашынын сынуу коркунучу азаят.

• Өрүк: Өрүк сөөктүн минералдык тыгыздыгын жакшыртууга жардам берет.

• Кургатылган өрүк: Кургатылган өрүк сөөк жана булчуң массасын жогорулатат. Ушул себептен кургатылган өрүктү күн алыс жеп туруу остеопороздун жана сыныктардын алдын алат.

• Сүт: Кальцийдин булагы болгон сүт сөөктүн ден соолугун бала кезинен сактайт. Сүттү күн сайын колдонуу остеопороз коркунучун жок кылат. Сүткө корица же мөмө-жемиштерди да кошуп ичсеңиз болот.

• Бадам: Бадамда кальций көп. Бадамды сүт менен бирге ичсе болот.

Фенхель: Фенхелдин курамындагы витамин жана минералдар сөөктүн түзүлүшүн бекемдөөгө жана сактоого салым кошот:

Айран: Ал сөөктүн ден соолугун да, тамак сиңирүү системасын да коргойт. Сөөктөрдүн бекем болушу үчүн күн сайын бир чыны айран ичүү керек.

• Лимон: Сөөгүңүздүн ден соолугу үчүн лимон суусу, лимон салаты жана үйдө жасалган кантсыз лимонадды тандасаңыз болот.

• Балык: Омега 3 камтыган балыктарды колдонуу жүрөк жана сөөктүн ден соолугун да бекемдейт.

• Шпинат: Булчуңдардын жана сөөктөрдүн түзүлүшүн колдогондуктан, шпинат остеопороздун душманы болуп эсептелет.

• Кориандр уругу: Темир, магний, кальций жана калийге бай кориандр остеопорозго каршы колдонулат. 2 кашык кориандр данын бир стакан сууга кайнатып, муздагандан кийин ичиңиз.

• Брокколи: Брокколини өтө аз сууга кайнатуу менен колдонуу остеопороздун алдын алат. Брокколинин ширесин ичип, жашылчаларды жесеңиз мыкты натыйжа берет.

Др. Мехмет Учардын “Шыпаа булагы” программасы.



Тектеш кабарлар