Ардахан гүл балы

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-19

2138651
Ардахан гүл балы
6 MAYIS ARDAHAN ÇİÇEK BALI

АРДАХАНДЫН ГҮЛ БАЛЫ

Катталган күнү: 01.06.2017

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында жайгашкан жана бийиктиги 3 миң 200 метрге жеткен жайыттары менен өлкөнүн эң маанилүү мал чарбачылык борборлорунун бири болгон Ардахан шаары бал өндүрүү менен да өзгөчөлөнүүдө. Аймактын ар түрдүү гүлдөрү менен азыктанган Кавказ аарыларынан алынган Ардахан гүл балы, Ардахан балчылар бирикмесинин кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрүнүн арасына кирген. Тунук, жалтырак көрүнүшкө ээ, мезгилдин кургак же жаан-чачындуу болушуна жараша ачык же кочкул сары түскө ээ болгон Ардахан гүл балы, аарылар кандайдыр бир химиялык калдыктары болбогон, сугарылбаган чоң аянттарда өскөн жана миңден ашык сорттогу гүлдөрдүн маңызынан чогулткан балдан турат. Ардаханда гүл балын өндүргөн балчылар Кавказ аары түрүн коргоо максатында шаардын облустук айыл чарба башкармалыгы тарабынан тез-тез текшерүүдөн өтүп, бал өндүрүшү белгилүү бир стандартта сакталат. Бал челектерде июнда башталган бал өндүрүү июль айынын аягында туу чокуга жетип, август айында болсо түшүм алынат. Тажрыйбалуу балчылар балды эрте чогултуп алуудан өзгөчө этият болушат, антпесе бал кыска убакыттын ичинде кристаллдашып ачыйт. Түшүм чогултуудан кийин бал челектеринен чыпкаланып, хромдолгон болоттон жасалган идиштерге толтурулган гүл балы тыныгууга калтырылат. Тыныктырунун максаты чаңча бүртүкчөлөрүнүн чөгүшү жана аба көбүкчөлөрүнүн жоюлушу. Тыныгып тунук, таза жана жалтырак көрүнүшкө ээ болгон жана аймакта өскөн гүлдөрдүн жыпар жыттуу даамын чагылдырган Ардахан гүл балы, айнек идиштерге толтурулуп колдонууга сунушталат.



Тектеш кабарлар