Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-20

2140560
Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия чөлкөмүндөгү республикалардын күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Өзбекстанга барды. Министр Петер Сияртону Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте кабыл алды. Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Сийярто Өзбекстан-Венгрия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына катышты. Өзбекстан Европа өлкөлөрүнөн келген инвесторлор үчүн атайын эркин экономикалык аймак куруп жатат.

7-май күнү Владимир Путин Орусиянын президенти катары 5-ирет ант берди. Владимир Путин алты жыл бул кызматты аркалайт. 10-майда Думанын макулдугун алган Михаил Мишустин Орусия Федерациясынын премьер-министри болуп кайра дайындалды.

9-май күнү Москвада Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин 10-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Беларусь, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Куба, Өзбекстан жана Орусиянын жетекчилери катышты. Жыйындын алкагында көптөгөн эки тараптуу жолугушуулар болду. Ошол эле күнү лидерлер Жеңиш майрамына арналган салтанатка катышты. 9-май Жеңиш парадына Түркмөнстан менен Гагаузиянын президенттери да катышты.

10-11-май күндөрү Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Алматыда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүштү. Жолугушуулар тууралуу жарыяланган билдирүүдө тараптардын ортосунда пикир келишпестиктер бар экендиги жана чечилүүнү күткөн маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилгени баса белгиленди. Еревандагы оппозиция болсо Азербайжан менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өтүшүнө нааразылык билдирип жатат.

 6-май күнү Бакуда Эл аралык Түрк академиясы тарабынан Түрк дүйнөсүнүн орток алфавит комиссиясынын 2-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Казакстан, Кыргызстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Өзбекстан жана Түркиядан адистер катышты.

7-8-май күндөрү Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов Түркияда расмий иш сапары менен болду. Премьер-министр Асадов алгач Кахраманмарашка барып, жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Азербайжан тарабынан курулуп жаткан курулуштарды көрдү. 8-майда премьер-министр Али Асадовду Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкарада кабыл алды. Ушул эле күнү премьер-министр Али Асадов менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилигинде Түркия-Азербайжан 11-Биргелешкен экономикалык комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Йылмаз менен Асадов Түркия-Азербайжан Ишкерлер форумуна катышып, сөз сүйлөштү.

8-майда Болгариянын Премьер-министри Румен Радев Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Бакуда Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев премьер-министр Радевди расмий азем менен тосуп алды. Жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Никол Пашинян Москвада жүргөндө Еревандан Армения Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) менен мамилесин төмөнкү деңгээлге түшүргөнү жана быйыл уюмга эч кандай мүчөлүк акы төлөнбөгөнү тууралуу билдирүүлөр айтылды.

Грузия парламенти 1-майда “Чет элдик таасирдин ачыктыгы” жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окуудан өткөрдү. Ошондон бери оппозиция мыйзамды чакыртып алуу талабы менен митингдерди уюштуруп келет. Грузия менен Арменияда Батыш менен Орусиянын ортосундагы тирешүү курчуду.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар