Тырмактын териге кирип өсүшү

Шыпаа булагы-37

1842534
Тырмактын териге кирип өсүшү

Туура эмес өскөн тырмак үчүн колдонула турчу табигый сунуштар

Бүгүн биз сиздерге туура эмес өскөн тырмак үчүн колдонула турчу табигый сунуштарды айтып беребиз. Бирок эсиңизге сала кетели, эгер бутуңуздун тырмагында ириңдүү сезгенүү бар болсо сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыңыз.

Тырмактын териге кирип өсүшү– бул ден-соолуктун оорутуучу көйгөйү, ал көбүнчө буттун чоң бармагында байкалат жана тырмактын бурчу териге киргенде пайда болот. Кадимки жашообузга терс таасирин тийгизген туура эмес өскөн тырмакты дарылабаса сезгенүүгө алып келет.

Туура эмес өскөн тырмак үчүн табигый чечим сунуштары:

Алма уксусу

Эгерде тырмактын териге кирип өсүшү басууга тоскоол болсо; ар күнү кечинде бутуңузга гана колдоно турчу тазикке алма уксусу менен суу аралашмасын кошуп, бул аралашмага бутуңузду 15 мүнөткө малып туруңуз.

Ыңгайлуу байпак жана бут кийим кийүү:

Тар байпак жана батпаган бут кийимдердин ордуна кененирээк жана бутту кыспаган бут кийимдерге артыкчылык берүү зарыл. Дарылоо процессинде бут кийим жана байпак кийгендин ордуна сандал же шлепка кийилиши керек.

Тырмакты коргогуч

Бул коргоочулар манжанын айланасында шакекче түрүндө турган же манжага тагылган конструкциялар.

Самындуу суу

Өзгөчө курамында зайтун майы бар самындарды колдонсоңуз, тырмак астындагы сезгенүүнү тазалоого да жардам бере аласыз.

Күндүз 15 мүнөттөй самындуу сууга бутуңузду малып, андан соң тырмагыңызды тазалаңыз.

Чай дарагынын эфир майы

Чай дарагынын майы - антиоксидант жана антисептик өсүмдүк майы болуп эсептелет. Теринин шишип, кызаруусуна каршы колдонулат. Тырмактын териге кирип өсүшүн дарылоодо ар күнү кечинде уктаар алдында кебез менен чай дарагынын майын колдонуп массаж жасаса болот.

Сарымсак

Туура эмес өскөн тырмактар ​​үчүн 1 чоң тиш сарымсакты эзип бармакка сүйкөп коюу керек. 1 сааттан кийин бутту жууш керек.

Календула майы

Кебезге 2 тамчы календула майын тамчылатып, бул кебезди ооруган бармагыңызга жайгаштырыңыз. Канчалык көпкө турса, тырмак түбүнүн оорушу жана сезгенүүсүнө ошончолук терең таасир этет.

Бал жана лимон ширеси

Тырмактын териге кирип өсүшүнөн улам пайда болгон бармактардагы шишиктерди бал жана лимон суусу менен кетирсеңиз болот.1 чай кашык балга бир нече тамчы лимон ширесин сыгып, бул аралашманы тырмакка сүйкөңүз. Тырмакты ороп бир аз күтө туруңуз.

Чалкан боткосу

Чалкан боткосун даярдоо үчүн бир ууч чалканды сууга кайнатыңыз. Чалкан боткосун ооруган жерге 10-15 мүнөт кармап туруу жетиштүү.

Тимьян суусу

Тимьян чайын чоң жана ылайыктуу тазикке куюп, ушул сууга буттуңузду малып отуруңуз. Бул ыкманы 1 жума бою улантуу тырмактын сезгенүүсүн азайтууга жардам берет.

Тырмактынтериге кирип өсүшүнүн алдын алуу үчүн эмне кылса болот;

• Тырмактарыңызды өтө кыска кесүүдөн этият болуңуз.

• Тырмактардын бурчтарын сүйрү кылып кеспеңиз, аларды жарым ай формасында кесиңиз.

• Кебез байпактарды кийип, байпактарыңызды күн сайын алмаштырыңыз.

• Тырмак териге кирип өсүп жатса анда манжаларыңызды ачык калтыра турган бут кийимди тандаңыз.

• Тар жана бийик такалуу бут кийимдерди колдонбоого аракет кылыңыз.

• Бутуңуздун кургак болушуна кам көрүңүз.

• Тырмагыңыз сезгенсе сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыңыз.

Др. Мехмет Учардын «Шыпаа булагы» программасы.



Тектеш кабарлар