«Дирмил Сипси» аспабы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-6

1891861
«Дирмил Сипси» аспабы

Бурдурдун «Дирмил Сипси» аспабы

Катталган күнү: 30.10.2020

Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагында жайгашкан Бурдур шаары өзгөчө аспабы «Дирмил Сипси» менен белгилүү. «Дирмил Сипсиси» Бурдурдун району болгон Алтынйайла районунун акимчилигинин арызы менен 2020-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген. Узундугу 17 сантиметрди түзгөн Дирмил Сипсиси – оозу темир найза деп аталган камыштан жасалган, үстүндө беш тешиги, астында бир тешиги бар үйлөмө аспап. Оозго салынчу бөлүгү аймакта «Чукчук» деп да аталат. Көп жылдардан бери жергиликтүү чеберлер тарабынан даярдалган Дирмил Сипсиси физикалык өзгөчөлүктөрүнөн улам 8 түрдүү үн чыгара алат, чертүүчүнүн чеберчилигине жана басымды тууралоосуна жараша 12ге чейин үн чыгара алат. Дирмил Сипсинин дагы бир өзгөчөлүгү – оюм-чийим берүү үчүн да, камыштын жарылып кетпеши үчүн да колдонулган билериктин аймакта өскөн «ала ийри дарагынын» кабыгынан жасалышы.



Тектеш кабарлар