Буларды билесиздерби?

Түрк кофеси.

1826780
Буларды билесиздерби?

Түрк кофеси салтынын кылымдардан бери өзгөрбөстөн ушул күнгө чейин келгенин билесиздерби?

Мындан 500 жыл мурда Осмон империясынын  терроиториясына кирген жана ылдам жыйылган кофенин түрк маданиятында маанилүү орду бар.

16 -  кылымдын баштарында Кануни Султан Сүлейман мезгилинде Египет жана Хижаздын алынышынан кийин  кофе Йемен жолу аркылуу Стамбулга келет.  Кыска убакытта бир гана сарайда эле эмес, эл тарабынан да жактырылат жана кофеканалар империянын бардык тарабына жайылат. Китеп жана ырлар окулган, адабият тууралуу маектер болгон, шахмат ойнолгон бул жерлерде кыска убакытта Осмон империясы мезгилинин социалдык түзүлүшүнүн маанилүү жери болот.

Ушул эле мезгилде Түркияга  келген венециялык соодагерлер кофе менен таанышат жана кофе Осмон империясынан Европага ал жерден да дүйнөгө жайылат. Бирок түрк кофеси даярдалышы жана сунулуш формасы менен дүйнөдөгү бардык кофелерден айырмаланып турат.

Кофе тартуулоо түрк салттарынын баш тартылгыс бир элементи. Түрк кофеси үйлөнүүдөн мурда аткарылган салттардын өзгөрүлгүс бир бөлүгү. Келген конокторго сөзсүз түрдө берилет.  Бай маданий негизге таянган түрк кофеси 2013 -  жылы ЮНЕСКОнун «Адамзаттын так болбогон маданий мурасынын өкүлү тизмесинен» орун алды.



Тектеш кабарлар