Буларды билесиздерби?

Баксы музейи

1741051
Буларды билесиздерби?

Түркиянын Чыгыш Кара деңиз аймагындагы бир айылда сыйлык алган музей бар экенин билесиздерби?

Чыгыш Кара деңиз аймагындагы Байбурт облусунда жайгашкан, мурда Баксы деп аталган Байрактар ​​айылында архитектуралык дизайны, жаратылышы жана өзгөчө долбоорлору менен көңүлдөрдү бурган музей бар. Шаардын борборуна 45 километрдик аралыкта, Чорух өрөөнүнө караган бир дөңсөөнүн үстүнө сүрөтчү жана илимпоз, профессор доктор Хүсаметтин Кочан тарабынан курулган Баксы музейи 2010 -  жылы ачылды.

Архитектуралык түзүлүшү жана жайгашкан жери менен «өзгөчө музей» катары белгилүү болгон Баксы музейи көргөзмө залдары,  кампа музейи, конференция залы, конок үйү, байыркы мечити жана китепканасы менен да көңүлдөрдү бурат. Заманбап жана салттуу искусствону бир чатырдын астында камтыган музей ошол эле учурда жергиликтүү элди  билим берүү жана жумуш орундары менен камсыз кылууда. Мындан тышкары аймактагы таланттуу балдарды аныктап, алардын стипендия менен билим алуусуна салым кошуп, өзгөчө дизайн, искусство жана маданият тармагында долбоорлорду ишке ашырууда.

Салттуу маданиятты сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү, өзгөчө аялдарды ишке орноштуруу долбоорлорун ишке ашыруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн Баксы музейи 2014 - жылы Европа Кеңешинин Музей сыйлыгына жана ошол эле жылы Түркия  Улуттук  Парламентинин  Ардак Сыйлыгына татыктуу болду.

 



Тектеш кабарлар