Буларды билесиздерби?

Түркиянын жаңы жана кургатылган өрүк өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турганын билесиздерби?

1705825
Буларды билесиздерби?

 

Дүйнөнүн бир топ жеринде бирок өзгөчө Жер Ортолук деңизине кошу өлкөлөр жана Европада өрүк өндүрүлүүдө. Дүйнөлүк жаңы жана кургатылган өрүк өндүрүү боюнча тизмеде Түркия биринчи орунда турат. Түркиянын жаңы өрүк өндүрүшүнүн 55 пайызга жакыны, кургатылган өрүк өндүрүшүнүн 85 пайызы Малатья облусунда  жасалууда.

Атын хеттылар мезгилинде «мөмө багы»  деген мааниге келген «Мелита»  деген сөздөн алган Малатья Түркиядагы 17 миллион өрүк дарагынан 8 миллонгого жакынына ээ жана «Дүйнөнүн өрүк боюнча борбор шаары» деп мүнөздөлүүдө.

Аш болумдуулугу эң жогору болгон өрүк A, B, C, E витаминдери менен бирге темир, кальций, фосфор, магнийге бай. Өрүктүн  кургатылганы да жаңысы да сиңирүүнү жеңилдетип, ток кармайт жана салмак таштоого жардам берет. Мындан тышкары, антиоксиданттык касиеттери менен денени сергек кармап,  оорулардан коргойт.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар