“Крым платформасы” саммити

Евразия күндеми-35

1704326
“Крым платформасы” саммити

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Киевде болуп өткөн “Крым платформасы” саммити тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 23-август күнү Крымды кайтарып алуу боюнча эл аралык аракеттерди бириктирүү максатында Украина тарабынан уюштурулган “Крым платформасы” саммити болуп өттү. Саммитке 46 мамлекеттин өкүлдөрү, Европа Биримдиги менен НАТОнун өкүлдөрү катышышты. “Парковый” конгресс жана көргөзмө борборунда болгон саммит эки бөлүм түрүндө жүзөгө ашырылды. Биринчи бөлүмдө чет элдик делегациялардын жетекчилери сөз сүйлөштү. Экинчи бөлүмдө талкуулар болду.

Украинанын Өкмөт башчысы Денис Шмыгал саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Крымдын мыйзамсыз аннекциясынан улам Украинанын 100 миллион доллардан көп зыянга учураганын билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Крымдын Россия тарабынан аннекциясы боюнча “Эл аралык коомчулук бул эл аралык укуктун бузулушуна каршы биригиши зарыл” деген кайрылуу жасады.

“Крым платформасы” саммитинин ачылышына катышкан 46 мамлекеттин өкүлү орток Крым платформасы декларациясына кол коюшту. Аты аталган документ аркылуу саммитке катышкан мамлекеттер Украинанын территориялык бүтүндүгүн колдошо тургандыгын тастыкташты. Декларацияда “Эл аралык ‘Крым платформасы’ саммитинин катышуучулары бардык мамлекеттердин территориялык бүтүндүгүн, биримдик жана эгемендигин коргойт. Эл аралык укук системасына коркунуч жарата турган жана эл аралык коопсуздукка түздөн-түз шек келтирген Крымдын мыйзамсыз аннекциясын тааныбайт жана аны айыптоону уланта берет” деп жазылды. Мындан сырткары декларацияда Крымдагы адам укуктарынын бузулушу, жарым аралдын милитаризацияланышы, Карадеӊизде сүзүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши жана Россиянын Крымдын демографиялык абалын өзгөртүү аракеттери айыпталды.

Украинанын эгемендүүлүк күнү болгон 24-августта Президент Владимир Зеленскийдин катышуусу менен “Крым платформасынын” башкы кеӊсесинин ачылыш аземи болду. Аземге чейин “Интер” ТВге репортаж берген Зеленский, “Крым платформасы” өкүлчүлүктөрүнүн башка мамлекеттерде иш алып барыша тургандыгын билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 27-август күнү Киев шаарындагы “Троешчина” паркында “Биздин Крым” майданынын ачылыш аземи болду. Аземге Киевдин мэри Виталий Кличко, Мустафа Абдулжемил Крымоглу жана Рефат Чубаров катышышты.

Окуялардан байкалгандай эле, Украина Крымды кайтарып алуу үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Дүйнөнүн 46 мамлекети бул маселеге кайдыгер эместигин, ар дайым Украинанын жанында болушарын аты аталган саммитке катышуу аркылуу көргөзүштү.

Украинанын “Регионалдык адам укуктары борборунун” адиси Роман Мартыновский, Россиянын бийлигинин Крымдын демографиялык абалын өзгөртүү үчүн 30 багытта иш алып баргандыгын, 4700гө жакын кишинин жарым аралдан күч колдонуу аркылуу депортацияланганын, бул кишилердин үчтөн биринин Украина жарандары экендигин билдирди. Кээ бир маалыматтарга ылайык акыркы 7 жылда Крымдан эң аз дегенде 50 миӊ адам чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Крым - татарлардын мекени болуп саналат. Падышалык Россия доорунан азыркы учурга чейин татарларга каршы жүргүзүлгөн саясаттын жыйынтыгында алар өз мекенинде азчылык абалга кириптер болушту. Бирок эртеби кечпи татарлар мекендерине кайтышат.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков.



Тектеш кабарлар