Армениянын келечеги

Евразия күндеми-48

1535101
Армениянын келечеги
rus heyet ermenistan.jpeg
Nikol Paşinyan.jpg

Кадырлуу окурмандар, “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасында Армениянын келечеги тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрь күнү Армения Карабахта жеңилүүгө учураганын мойнуна алып, согушту токтотуу боюнча үч тараптуу келишимге кол койду. Келишимге кол коюлгандан кийин Арменияда толкундоолор башталды. Ереван шаарында премьер-министр Никол Пашиняндан кызматын тапшырууну талап кылган демонстрациялар болду. Коопсуздук жана атайын кызматтын кызматкерлери оппозициянын лидерлерин төңкөрүш жасоого аракет кылды деген айыптоо менен камакка алды. Өкмөттүн тышкы иштер, коопсуздук, билим берүү жана спорт министрлери кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Армениянын өзгөчө кырдаалдар жана эмгек жана социалдык өнүгүү министрлери кызматтан алынды. Бир канча эл өкүлү жана жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетишкенин жарыялашты. Еревандагы бул саясий кризиске Азербайжандан Арменияга качып келген жүз миңден ашуун армян качкындардын маселелери кошул-ташыл болду. Кырдаал ушундай болуп жаткан учурда Армениянын келечегинин кандай болоору кызыгуу жаратууда.

Армениянын оппозициясы Пашинян кызматтан кеткенге чейин демонстрацияларды улантуу чечимин кабыл алды. Президент Армен Саркисян да мөөнөтсүз парламенттик шайлоонун өткөрүлүшүн колдой тургандыгын билдирип, Пашинянды кызматтан кетүүгө үндөдү. Өлкөдө бул окуялар болуп жаткан учурда батыш менен Россиянын ортосунда Армениянын келечегине таасир этүүчү роль ойноо боюнча өз ара күрөш күчөдү.

21-ноябрь күнү Россиянын коопсуздук, тышкы иштер, саламаттык сактоо министрлери баштаган жоон топ делегация Ереванга келди. Пашинян бийликке келгенден кийин Россия-Армения мамилелери кыйла солгундай түшкөн болчу. 44 күнгө созулган Карабах согушу Россиянын Армениядагы позициясын чыңдап алышына мүмкүнчүлүк жаратты. Россия делегациясынын күн тартибиндеги негизги маселе Карабахтагы абал болгону менен делегациянын жабык эшиктердин артында Армениянын бийлиги менен эки тараптуу мамилелердин келечегин да талкуулашканы анык десек жаңылышпайбыз.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: “Тоолуу Карабахта Азербайжан жана Армениянын ортосундагы кагылышууларды токтоткон келишимде роль ала албадык деген ой менен АКШ жана Франция Россияга ызаланып калды,”- деди. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Минск тобунун бул маселеге аралашууга тийиштигин жана эл аралык байкоочу күчүнүн Карабахка жиберилиши керек экенин айтып чыкты.

Франция баштаган Европа мамлекеттери “Карабахтын эгемендүүлүгүн тааныйбыз” деген сөздөрүн кайрадан колдоно башташты. Негизи Пашинян ушундай чакырык таштаган болчу. Батыштыктар согуштан кийин жаралган жаңы абалда процесстин тышында калгылары келбей турат.

Армения 28 жылдык оккупациянын залакасы катары Азербайжанга жалпы жонунан 50 миллиард доллар компенсация төлөп бериши керек. Бул цифрага аймактагы кен байлыктарга келтирилген зыян кошулуп эсептелген эмес.

Урматтуу окурмандар, окуялардан байкалгандай эле Армениянын азыркы абалы жакшы эмес. Жакынкы келечекте өлкөнүн күн тартибине кайрадан парламенттик шайлоонун өткөрүлүшү келиши ыктымал. Армениянын бийлиги Москва жана Париждеги союздаштарына, ар кыл мамлекеттерде жашаган байгер диаспорасына ишенгендин ордуна, биринчи кезекте күн сайын көрүшүп турууга мажбур болгон кошуналары менен мамилелерин оңдогону дурус болмок. Эгер армяндар “Улуу Армения” деген утопиялык пикиринен  жана “кыргынга учурадык” деген негизсиз дымактарынан кайтышса, кыска убакытта экономикалык абалын оңдой алышат. Армения Түркия аркылуу батышка, Грузия аркылуу Кара деңизге, Азербайжан аркылуу Азияга чейин жетип, региондогу мамлекеттер менен мамилелерин жаңы баскычка көтөрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Армения өзгөрүш боло турган учурду башынан өткөрүп жатат. Анын келечегинин кандай болоору болсо, армян калкынын колунда.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар