Россияда референдум болуп өттү

Евразия күндеми-28

1452445
Россияда референдум болуп өттү

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер “Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда 2020-жылдын 1-июль күнү Россия Федерациясында болуп өткөн референдум тууралуу сөз кылабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 25-июнь күнүнөн 1-июль күнүнө чейин Россия Федерациясында баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Референдумдун расмий өткөрүлө турган күнү 1-июль болгону менен пандемиядан улам добуш берүү өнөктүгү 25-июнь күнү башталды. 2020-жылдын 22-апрелинде өткөрүлүшү пландалып, пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган бул референдумга добуш бергендердин 65 пайызы катышышты. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда алардын 77,92 пайызы конституциянын өзгөртүлүшүнө макул деп добуш беришти. Региондорго карап көз жүгүртө турган болсок, Владимир Путинге жакын Рамазан Кадыров башкарган Чеченстан жана Коргоо министри Сергей Шойгунун ата мекени болгон Тува референдумда эң жогорку даражада макул добушу берген республикалар болду. Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда референдумда одоно мыйзам бузуулар катталбады.

Референдумда баш мыйзамдын 22 беренесине 206 түзөтүү киргизилди. Референдумдагы эң негизги тема Владимир Путиндин кайрадан эки мөөнөткө Президент болушуна мүмкүнчүлүк жаратылганы болду. Россия Думасы менен биргеликте Президенттин бийлиги референдумдагы түзөтүүлөр аркылуу чыңдалды.

Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдүн арасында Россияда саны боюнча орустардан кийинки көпчүлүктү түзгөн түрк этносторунун келечегине тиешелүү маанилүү өзгөртүүлөр бар. Россия Федерациясында расмий тилдин орусча экендиги жана өлкөнүн титулдук калкынын орус калкы экендигинин конституцияда баса белгилениши, Россиядагы түрк калктарынын, өзгөчө саны азайып жок болуу коркунучунда турган түрк тектүү этностордун өз тилдерин коргоп калышы боюнча кыйынчылыктарды жаратат. Ансыз деле Россия Федерациясынын карамагындагы түрк мамлекеттеринде (журт) Падышалык Россия доорунан бери орус тили негизги тил катары колдонулуп келе жатат. Россиянын “титулдук калкынын” орустар экендигинин баса белгилениши Федерация ичиндеги этникалык гармониянын жогорулашына салым кошот деп айтуу эч мүмкүн эмес.

Акыркы жылдарда Россиядагы кээ бир автоном облусттарды кошуна облустарга бириктирүү боюнча маселелер көтөрүлүп келет. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр Кремлдин бул маселе боюнча кадамдарын ыкчамдатышына пайдубал болуп бериши мүмкүн. Ушундан улам болсо керек, өткөн жылы Архангельск облусуна бириктирилиши талкууланган Ямал-Ненец автономиялык округунун добуш берүүчүлөрүнүн 55,25 пайызы референдумда каршы добуш беришти.

Россия баш мыйзамга түзөтүү киргизүү аркылуу Крымдын статусун чыңдап алууну пландады. Бирок дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери тарабынан Крым Украинанын территориясы катары кабыл алынгандыгы анык жана референдумдагы түзөтүүлөр бул чечимди өзгөртө албайт. Батыштагы мамлекеттер референдум боюнча негизинен терс пикирлерини билдиришти.

Батыштын референдум боюнча пикирлери Россияны кайгыга салды деп айта албайбыз. Россия СССР доорундагыдай шериктеш мамлекеттер менен бирге жаңы биримдик курууну пландоодо. Россиянын азыркы экономикалык абалы, Кремлдин бул пландарын ишке ашырышына жолтоо болуп жатканын байкоого болот.

Жыйынтыктай турган болсок, Россияда болуп өткөн референдум өлкөдөгү шарттардан улам кыска убакытта чоң өзгөрүүлөрдүн болушуна себеп боло албайт десек жаңылышпайбыз. Россиядагы түрк тектүү калктардын укуктарын коргоо үчүн Түркия лидерлигиндеги түрк республикалары бири-бирилери менен кызматташтыгын дагы да  өнүктүрүшү, ошондой эле Россия менен да жакын кызматташуусу керек.

Программаны даярдаган Абдрасул Исаков



Тектеш кабарлар