"Чеңгел  - Бүркүт" операциясы

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1446335
"Чеңгел  - Бүркүт"  операциясы

Түркия Сирия жана   Ливия боюнча аскердик кыймылдарды аткарып бир тараптан да ПКК террордук уюм менен күрөшүүнү улантууда. Ушунун негизинде Ирактын түндүк аймагында Түркия чек арасына параллель  тоолуу аянттарда «Чеңгел  -  Бүркүт» деген ат менен абадан жана кургактыктан операция баштатылып, түрк десанттары операцияда бир топ дөңсөөнү колго алды. Түркия акыркы жылдарда жаңы бир коопсуздук доктринасы түшүнүгү менен коркутууларды чек аранын ары жагында да жок кылуу үчүн Сирия жана Ирак сыяктуу  аймактарда жайгашкан террордук уюмдарды бутага алууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча иликтөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия көптөгөн убакыттан бери Марксист, Ленинист идеологияны жактаган жикчил террордук уюм ПКК менен күрөшүп, акыркы жылдарда жаңы бир коопсуздук докринасын жактырып аскердик стратегиясын өзгөрттү. Түркиянын террордук уюмга каршы бул жаңы стратегиясында уюм түздөн түз бутага алынып, коркунучту Түркияга жеткирбестен жок кылууну каалап жатат. Ошол эле учурда өзгөчө террордук уюмдун аймакта болуп жаткан хаостон пайдаланып Ирак жана Сирия жолунда кенен бир аянтка жайылып жайгашуусу да белгилөөчү абалда. Ушунун негизинде Түркия ПККнын жерлерди көзөмөлгө алып жана чек аранын ары жагында логистикалык мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып Түркия ичинде террордук кол салууларды аткаруусуна токсоол болууга аракет кылууда.

Түркия акыркы жылдарда өзгөчө Сирияда «Ефврат калканы», «Зайтун бутагы»  жана «Тынчтык булагы» деген аттар менен кенен түрдө аскердик операцияларды жүргүзүп бир тараптан да террордук уюм ПККны түздөн түз Иракта бутага алууда.

Чечкиндүүлүк операциясы менен башталган бул процессте Чеңгел   операциялары менен акыркы болуп баштатылган Чеңгел  -  Бүркүт операциясы менен улантылууда.

Түркия Ирактын түндүгүндө уюм базага айландырган тоолуу аймактарды бутага алып, бул жерде уюмдун логистикалык инфраструктурасы жок кылынууга аракет кылынууда. Өзгөчө аймактагы дөңсөөлөрдүн көзөмөлү колго алынып уюмдун Ирак  - Түркия жана Ирак  - Сирия жолдорунда оңой кыймыл кылышы менен модитизацияга тоскоол болууга аракет кылынууда. Террордук уюм ПКК Кандил тоосунда курчоого алынып жок кылынуусу кааланууда.

 Бир  тараптан кенен аскердик операциялар аткарылып, туура маалыматтар менен аныкталган уюмдун жогорку мартабалуу лидерлери менен  уюмдун командирлик түзүлүшү жок кылынууга аракет кылынууда. Бул жерде өзгөчө Түркиянын улуттук коргоо өнөр жайында чыгарылган учкучсуз куралдуу аба аппараттарынын да активдүү колдонулганын көрүүдөбүз. Бул аппараттар менен Түркия ПКК террордук уюму менен өткөн күндөргө караганда дагы  таасирдүү күрөшө турган абалга келди.



Тектеш кабарлар