Бүгүн Насреддин Кожо күнү

Түркияда 1959-жылдан бери 5-10-июль күндөрүнүн арасында Насреддин Кожого арналган шаан-шөкөт уюштурулат.

333017
Бүгүн Насреддин Кожо күнү


Ар бир коомдун символго айланган каармандары бар. Түрк коомчулугу үчүн да Кожо Насреддин символдошкон элдик баатырлардын бири болуп саналат. Насреддин Кожо дегенде дароо каткырык башталып, адамдардын жүзүндө жылуу жыймаюу пайда болоору баарыбызга маалым. Анадолу адамдарын кылымдар бою жылмайтып, таамай сөздөрү менен жашообузга нур чачып келген Насреддин Кожонун башынан өткөргөн кызыктуу окуялары жана анекдоттору ооздон-оозго өтүп, ушул күнгө чейин күчүн жоготпой келет. Насреддин Кожо биз жашап жаткан ушул доордо чогуу жашап жаткандай сыяктанат. Мындай өзгөчө касиетке эгедер инсан миңдеген жылдардан кийин да адамдардын жүзүнө жылмаюу тартуулап, күлдүрүү жөндөмдүүлүгүн улантат деп ишенебиз.
Насреддин Кожо Жакынкы Чыгыш жана Орто Азияда бир топ улут тарабынан урмат-сыйга татыган адам. Анадолу адамдары аны акшехирдик деп билет. Эвлия Челебинин айтымына караганда «Акшехирде улуу динчил жана баалуу инсан Шайх Кожо Насреддиндин күмбөзү бар. Гази Хүдавендигарга жетип, Йылдырым хан доорунда даңазага жеткен, касиеттүү, көрөгөч чечен, философ, дин жана дүйнө иштерин кемчиликсиз жүргүзгөн улуу адам болгон».
Акшехирде теңдеши жок мүнөздөгү аңгемелерге толгон жашоо өткөргөн. Ал тууралуу айтылган анекдоттордун чындыгында бир эмес андан көп адамдар башынан өткөргөн окуялардан турганы жөнүндө айтымдар бар. Анын аңгемелери Анадолу адамдарын жылмайтып, келечекте да күлдүрүүсүн уланта берет. Элибиздин эсинде түбөлүк сакталган бул инсан айрым тарыхый маалыматтарга караганда Селжуктар доорунда, кээ бирлеринин айтымына караганда Осмон султаны Челебеи Мехмет доорунда дүйнөдөн кайткан.
Насреддин Кожонун чоң илимпоз же ойчул болгону жөнүндө көз караш кеңири жайылган. Жазуу түрүндөгү басма сөз же медиа мүмкүнчүлүктөрү болбогон Орто кылымда элдин кыйынчылыктарынын жана башкаруучуларга карай сындоолорунун анын анекдоттору менен чагылдырылганы божомолдонууда.

Анда айтылуу Насреддин Кожонун жоруктарынын бирин айтып, анын кандай айлакер, чечен болгонун далилдейли; Акшехирде жашаган Тимурдун пилдерин багып жатып тажаган эл, Кожого келип кыйын абалда экендиктерин айтышып, пилдерди багуудан кутулгусу келгендерин айтышат. «Чөп, саман калган жок Кожо, куткар бизди пилдерден» дешет. «Артыма түшкүлө» деп элди артынан ээрчитип алып, Тимурдун алдына барат. Караса эле Тимурдан корккон эл качып-качып кетишип, жалгыз эле Кожо калган болот. Ошол жерден ал чечендигин көрсөтүп, «Султаным, эл багып жаткан пил жалгыз болгону үчүн капа болушууда, ага жуп сурап жатышат»-деп кутулуп чыккан экен.
Кожого таандык аңгемелер санаса түгөнгүс. Эл ичинде анекдот катары айтылып жүргөн, эшегинин ээрине терс минип алганынан тартып, Акшехир көлүн айран кылып уютам дегени жана ушул сыяктуу биринен бири күлкүлүү бир топ аңгемелери маданий турмушубузда ордун тапкан десек жаңылышпайбыз.
Акшехирди дүйнөгө тааныткан Кожо үчүн Акшехир мэриясы жана Насреддин Кожо коому тарабынан 1959-жылдан бери 5-10-июль күндөрүнүн арасында шаан-шөкөт уюштурулат. Дүйнөнүн төрт тарабынан илимпоздор, искусство жана адабият чөйрөлөрү Акшехирге келишүүдө. Анадолу аймагынын улуу инсаны Насреддин Кожону таазим кылып эскеребиз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар