Билим жолунда-11

90244
Билим жолунда-11


ТРТнын Түркия үнү радиосунда «Билим жолунда» аттуу программасында кайрадан чогуу болуп олтурабыз. Келечек үчүн тайманбастан жолго чыккан жаштардын эл аралык билим кыймылдуулугу жана Түркияда билим алыш үчүн эсине түшө турган бардык суроолоруна жооп берүүбүздү улантабыз. 32 тилде чыккан радио программабызга кошумча түрдө видеолуу маекке www.trtkyrgyz.com адресибизден жете аласыздар.
Белгилүү болгондой кайсы бир университетти таанытып ректор жана окуучу менен маектешүүлөрүбүздү сиздер менен бөлүшүүдөн мурда ал университет орун алган шаар туурасында маалымат берүүгө аракет кылабыз. Анткени башка бир өлкөдө окууга чечим чыгарып жатканда сапаттуу билим алууга кошумча түрдө муктаждыктарыңыз үчүн эң туура жашоо шарттарын камсыздай турган шаарды тандоонун маанисин да билебиз.
Келээрки жумада сиздерди Гази университетине алып барабыз. Ал эми университетке баруудан мурда ал университет орун алган Анкара шаарын тааныта кетели.
Сиздерди Түркиянын географиялык жактан так ортосунда орун алган, Анадолуда биздин заманга чейинки цивилизациялардын бешиги болгон Анкараны таанытып жатканда абдан кеңири жана атайын даярдалган китепчеден пайдаланабыз.
Анкара университетинин Европа коомчулуктарын изилдөө жана ишке ашыруу борбору, кыскача АТАУМ тарабынан жүргүзүлгөн Анкара шаарынын чет өлкөлүк окуучуларга жол көрсөтүү проектинин алкагында түзүлгөн www.ankara4students.com аттуу веб барагынын, толук түшүнүк менен айтканда үлгү боло турган эмгек экендигин айта алабыз. Анкарага барууну ойлогон жолдоштор бул баракка эмитеден кирүүсү зарыл. Чындап келгенде чет өлкөлүк окуучу муктаж боло турган бардык нерсеге чынчыл көз караш менен караган бул китепчеде, ооруканалардан кантип күн алына турганынан тартып белгилүү азык заттардын бааларына чейин, эң башында эсибизге түшпөй турган бирок так муктаждык боло турган бардык деталдарга орун берилиптир.
Үй кантип ижарага алынат?-деген сыяктуу суроолорго да кантип жооп алышыбыз керектигин да таба алабыз. Ал эмес бул жагынан алганда бул веб барагы жалгыз чет өлкөлүк окуучулар үчүн эмес, Түркиянын кандайдыр бир шаарынан Анкарага билим алыш үчүн келе турган жеригиликтүү окуучулар үчүн дагы абдан пайдалуу боло турганын айта алабыз.
Соода борборлору, маданият борборлору, китепканалар, спорт борборлору, муниципалитеттер, ибадатканалар жана шаар турмушу жөнүндө эсиңизге түшө турган бардык нерсени www.ankara4students.com адресинен таба аласыз. Кыдырылышы сунушталган жерлер темасын кеңири түрдө иликтеш үчүн бир аз убакыт бөлүшүңүздү атайын сунуш кылабыз!
Китепчебизде «Анкарада жашоо» деген башкы теманын астында «Коноктоо» деген темада жазылгандарды сиздер менен бөлүшө кетели:
Бир окуучу шаарчасында жашап жатасыз. Анкарада орун алган 18 университетте он миңдеген түрк жана чет өлкөлүк окуучу билим алат. Булардан бир канчасы жатаканаларда жашашса, бир бөлүмү да үй ижарага алууну тандашууда. Албетте экөөнүн тең жакшы жактары жана сиздерге терс боло турган жактары бар. Үйдө жашоо бир аз чыгымдуу болушу менен бирге Анкарада жашаган бир окуучунун айлык жашоо чыгымдары орто эсеп менен 1000-1200 түрк лирасындай болот.
Эми болсо сиздерден эң көп суралган суроолордон бирөөнө б.а. Түркиянын ичиндеги саякат темасына, ошол эле Анкара университетинин Европа коомчулуктарын иликтөө жана ишке ашыруу борбору даярдаган www.ankara4students.com барагы аркылуу жооп берели:
Түркияда транспорттук каттам автожолдору аркылуу шаарлар аралык автобустар менен ишке ашырылууда. Анкара шаарлар аралык терминалынан (AŞTİ) дээрлик саат сайын Түркиянын ар тарабына ондогон автобустар каттайт. Анкара шаарлар аралык жүргүнчү ташууда борбор жана дагы тогуз жол тогошкон эң чоң өткөрүүчү жер.
Түркияда аба жолу транспорту да күн өткөн сайын арзандоодо жана түрлөндүрүлүүдө. Өзгөчө эрте орун ээлөө (брондоо) мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып абдан алыс аралыктарды дагы абдан арзан баага каттай аласыз. Мындан тышкары айрым жакын аймактар үчүн эң маанилүү тандоо темир жол болушу мүмкүн. Мисал үчүн сөзсүз көрүшүңүз керек болгон Эскишехир жана Коньяга ылдам жүрүүчү поезд менен абдан кыска мөөнөттө жана эң арзан түрдө жете аласыз.
Жолдоштор, эң көп автобус барган жерди да, саякат фирмаларынан айрымдарынын тизмесин да ушул баракты иликтеп жете аласыздар.
Сиздерге бул жол көрсөткүчтүн чын дилден жазылганын айтканбыз. Жол көрсөткүчтө Анкарага жакын жерлердеги эс алуучу жерлерден сөз кылуудан мурда карасаңар биз үчүн кандай белги коюшкан.
«Бул китепчени таанытуунун башкы максаты сизге борбор шаарыбызды таанытуу эле. Ал эми ушул жерге чейин келген соң көрбөй кетсеңиздер өкүнүп кала турганчалык айрым жерлерден да сөз кыла кетели».
Анкара менен жакын жерлердеги эс алуу борборлору да таанытылган веб барагы, сиздерге билим алууну каалаган шаар туурасында кеңири маалымат берет.
Коштошоордон мурда дагы бир нерсени эске сала кетели:
Келээрки аптада бардыгыбыз чогуу Гази уиверситетине конок болобуз, Гази университетинин чет өлкөлүк окуучулар тарабынан эмне үчүн мынчалык жактырылганын университеттин ректорунан сурап, ийгиликтеринин сырларын биз менен бөлүшүүсүн суранабыз.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар